ГАЗ РАЗРЯДДУУ ЖАРЫК БУЛАГЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАЗ РАЗРЯДДУУ ЖАРЫК БУЛАГЫ – буу абалындагы газ ж. б. заттар (мис., сымап же галогендер) аркылуу электр тогу өткөндө электр энергиясын оптикалык нурланууга айлантуучу прибор. Ал айнектен, керамикадан же металлдан (тунук терезелүү), ичине электрод киргизилип, цилиндр, сфера же башка формада жасалат. Г. р. ж. б-на люминесценттик чырак, сымап чырагы, газ разрядуу ксенон чырагы, импульстук чырактар ж. б. кирет. Булар жарык булагы катары кинопроекцияда, нурландыруучу курулмада, жарык сигнал бергичтерде ж. б. колдонулат.