ГАИТИ аралы: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГАИ́ТИ (байыркы аты – К и с к е я) – Чоӊ Антил аралдар тобундагы арал; Вест-Индияда. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Кариб деӊизи м-н чулганат. Куба а-нан Айдарым, Пуэрто-Рико а-нан Мона кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аянты 76,4 миӊ км2. Жанар тоо ж-а чөкмө тоо тектеринен турат. Рельефи тоолуу (кенен өрөөндөр м-н бөлүнгөн 4 кырка тоо бар). Бийикт. 3175 мге чейин (Дуарте чокусу, Вест-Индиянын эӊ бийик жери). Жер көп титирейт. Деӊизге караган түн.-чыгыш ж-а түш. капталдарында дайыма жашыл ж-а аралаш тропик токою, батышы м-н ички аймактарында жалбырагы күбүлмө токой ж-а бадал; эӊ бийик кыр тилкелеринде ийне жалбырактуу ж. б. токой өсөт. Аралда Гаити ж-а Доминикан Республикасы жайгашкан. 1492-ж. Х. Колумб ачып, Эспаньола деп атаган.