ГАЙАНА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАЙА́НА , Г а й а н а К о о п е р а ц и я Р е с п у б л и к а с ы – Түш. Американын түн.-чыгышындагы мамлекет. Батышынан ж-а түн.-батышынан Венесуэла, түш.-батышынан ж-а түштүгүнөн Бразилия, чыгышынан Суринам м-н чектешет. Түн.-чыгышын Атлантика океаны чулгап жатат. Аянты 215 миӊ км2. Калкы 786,5

миӊ (2020). Мамл. тили – англис тили. Борбору – Жоржтаун ш. Адм.-айм. жактан 10 регионго бөлүнөт. Акча бирдиги – Гайана доллары.
Таблица бар.
Г.– БУУнун (1966), ЭВФтин (1966), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Америка мамлекеттеринин уюмунун (1991) ж. б-дын мүчөсү.
Г. – унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамында. Конституциясы 1980-ж. 6-октябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик респ. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук ассамблея. Саясий партиялары: Элдик прогресс партиясы, Элдик улуттук конгресс ж. б.
Өлкөнүн түн. ж-а түн.-чыгышын аккумуляциялык саздуу түздүк, борб. бөлүгүн ж-а түштүгүн Гвиана бөксө тоосу ээлесе, борб. бөлүгүнүн

батыш жагы тоолуу (Паурайма кырка тоосу, эӊ бийик жери – Рорайма – 2772 м; Аянганна – 2042 м). Аймагынын басымдуу бөлүгүн нымдуу, дайыма жашыл токой ээлейт. Түн.-чыгышында ж-а түш.-батышында саванна кездешет. Климаты субэкватордук, ысык ж-а нымдуу. Айлык орт. темп-расы 26°Сден 28°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 2000–2500 мм. Ири дарыялары: Эссекибо, Демерара, Бербис ж-а Корантайн. Потаро д-сында Кайетур шаркыратмасы (бийикт. 225 м) бар. Жаныбарлар дүйнөсү ар кыл; токойлорун ягуар, пума, маймыл; саванна: антилопа, чопкутчандар мекендейт. Г-да коргоого алынган 3 табигый аймак (аянты 486 миӊ га) бар; а. и. Кайетур улуттук паркы уюшулган.
Калкынын 99%ин гайаналыктар (африкалык гайаналыктар) түзөт. О. эле индейлер, негрлер, метистер да жашайт. Протестант, католик, ислам (мусулман сунниттер), индуизм диндерин тутат. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 3,6 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 63, аялдарыныкы – 68,3 жаш. Шаар калкы 38,5%. Ири шаарлары: Жоржтаун, Линден, Нью-Амстердам, Корривертон.
Байыркы мезгилдерден Г-нын аймагын индей уруулары (карибдер) жердеген. Алардын аз сандагы тукумдары азыркы күндө Г-нын түштүгүндөгү токойлордо жашашат. 16-к-дын аягында Г-нын азыркы аймагын голландиялыктар, 1814-ж. Улуу Британия басып алып колонияга айландырган (1831-жылдан Британ Гвианасы). 1834-ж. өлкөдө кулчулук жоюлган. 1928-ж. Британ Гвианасында Конституция киргизилип, Мыйзам чыгаруу Кеӊеши түзүлгөн. 20-к-да өзгөчө экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында, Британ Гвианасына амер. ж-а канадалык капитал кеӊири кирген. Согуштан кийин улуттук-боштондук кыймылын жетектеген саясий партиялар Улуу Британия өкмөтүнөн көз каранды эместикти берүүнү талап кылган. 1953-ж. Британ Гвианасынын жаӊы конституциясы кабыл алынган ж-а жерг. өкмөт түзүлгөн.

1966-ж. Британ Гвианасы көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланып, Г. деп аталган. 1970-жылдан Г. Кооперация Респ-сы. 20-к-дын 80-ж. Г. «кооперациялык социализмди» курууга багыт алган. 1985-ж. президент болуп шайланган Х. Д. Хойт менчиктештирүүнү баштаган. 1992-ж. президентикке Ч. Б. Жаган шайланган. 2001, 2004-ж. президент шайлоодо Б. Жагдео жеӊип чыккан. Учурда өлкөдө ЭВФ тарабынан иштелип чыккан экон. реформалар программасы жүзөгө ашырылууда.
Экономикасынын негизин – а. ч. ж-а тоо-кен казуу (боксит) түзөт. ИДПнин көлөмү 3 млрд

доллар (АКШ). Аны киши башына бөлүштүргөндө 3900 доллардан (2005) туура келет. ИДПдеги айыл, токой ж-а балык чарбаларынын үлүшү 36,8%, тейлөө чөйрөсүнүкү 43%, өнөр жайыныкы 20,2%. Аймагынын 4% гана иштетилет. Калган бөлүгүн жайыт, чабынды (15%), токой (8%) ээлейт. Бал камыш, шалы, кокос жаӊгагы (2005-ж. 6 миӊ т жыйналган), кофе, какао, цитрус өсүмдүктөрү, копра, ананас, сизаль, тамеки, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Кен байлыктарынан алтын, алмаз, жез, марганец, темир кени казылып алынат. 2005-ж. 782 млн кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн. Жыгач даярдалат. Креветка, балык, омар кармалат. Иштетүүчү өнөр жайы начар өнүккөн, негизинен чарбасы а. ч. продуктуларын даярдоого адистешкен. Глинозём, кант, ром, тамеки өндүрүшү иштейт. Темир жолунун уз. 187 км, автомобилдики 8 миӊ км (а. и. 590 км асфальтталган; 2005). Деӊиз соода флотунун тоннажы 13,5 миӊ т дедвейт. Сыртка кант, боксит, алюминий, күрүч, алтын, ром, токой материалдары, деӊиз продуктулары чыгарылат. Сырттан минералдык отун, майлоочу материалдар, машина ж-а анын жабдууларын, өнөр жай ж-а күнүмдүк керектелүүчү товарларды алат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Канада, Улуу Британия, Тринидад ж-а Тобаго, Италия, Франция, Япония, Бельгия, Португалия.
Билим берүүсү 6 жаштан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө киргизилген, бирок акы төлөп окушат. Өлкөдө ЖОЖдор, ил.-из. ин-ттары, музейлер, Улуттук китепкана, Мед. ил. Китепкана ж. б. бар. 2005-ж. 37 гезит ж-а журналдар чыккан. Радиоуктуруусу 1950-жылдан баштап иштейт. Бир нече радиостанциялары ж-а телеберүүлөрү бар. Адабияты англис тилинде. Арх-расында жерг. чеберлердин чыгармалары сакталган.

Ад.: Гайана: выбор пути. М., 1989; Гайана // Большая Российская Энциклопедия. Т. 6. М., 2006.