ВЕНТИЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

В́ЕНТИЛЬ (нем. Ventil – жапкыч) – 1) өткөргүч түтүктүн бир бөлүгүн ишке киргизүчү ж-а ажыратуучу тыгын. В. о. эле өткөргүч түтүк аркылуу агуучу суюктуктун, газ ж-а буунун агымын жөнгө салат. 2) Электр өткөрүмдүлүгү токтун багытына көзкаранды болгон электр-тех. түзүлүш. В-дин ток өткөрүмдүлүгү бир жактуу болуп, токту бир багытты карай (каршы тарапка караганда) бир нече эсе көп өткөрөт. Ошонун натыйжасында В. өзгөрүлмө токту түзөткүч катары колдонулат. В-дин аракети ар кандай эки чөйрөнүн металл м-н электролиттин (электролиттү В.), металл м-н газдын (иондуу В.), металл м-н вакуумдун (электрондуу В.), металл м-н жарым өткөргүчтүн (жарым өткөргүчтү В.) чегинде пайда болот. 3) Жезден жасалган үйлөмө муз. Аспаптардын узундугун өзгөртүүчү механизм.