ГАЙДН: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАЙДН Франц Йозеф (болжол м-н 31. 3. 1732, Төмөнкү Австрия, Рорау кыш. – 31. 5. 1809, Вена) – композитор, дирижёр, музыка таануучу, пианист, Вена классикалык мектебинин өкүлү, аспаптык музыкадагы классикалык стилге негиз салуучу, Оксфорд ун-тинин ардактуу доктору (1791). Алгачкы симфонияларын 18-к-дын 50–60-жылдарында жазган. Г-дын чыг-лыгынын гүлдөгөн учуру 80–90-жылдарга туш келген. Ушул жылдары белгилүү Париж, Лондон симфонияларын, бир нече оратория,

месса ж. б. жараткан. Г-дын музыкасы тереӊ демокр. мүнөзгө ээ ж-а элдик чыгармалар м-н тыгыз байланыштуу. Ал көп улуттуу Австриянын муз. фольклорун билгичтик м-н пайдаланган. 1798-ж. «Дүйнөнүн жаралышы», 1801-ж. «Жыл мезгилдери» операларын жазган. Г. 24 операнын, 3 ораториянын, 14 мессанын ж. б. диний чыгармалардын, 104 симфония, 41 фортепьянолук трио, квартет, увертюралардын, түрдүү муз. аспаптар үчүн концерттердин автору.
Ад.: Кремлёв Ю. Йозеф Гайдн. М., 1972.