ГАЛАКТИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ГАЛА́КТИКА (''' гр. galaktikjs – сүт сымал), С а м а н ч ы ж о л у с и с т е м а с ы – Күндү камтыган жылдыздардын чоӊ системасы. Ага планеталар системасы да (Жер дагы) кирет. Г. 100 млрддай жылдыздардан, о. эле жылдыз аралык мейкиндиктеги газдуу ж-а чаӊдуу тумандуулук, ар кандай жылдыз топтору, чаӊдар ж-а айрым атомдордон турат. Көпчүлүк жылдыздар формасы линза (туурасынан диаметри 30 миӊ, калыӊдыгы 4 миӊ ''пс''ке жакын) түрүндө болуп, анын симметрия тегиздигине (Г. тегиздиги) ж-а борборуна (Г-нын жалпак система бөлүгүн) карай топтолгон. Жылдыздардын азы-  
'''ГАЛА&#769;КТИКА (''' гр. galaktikjs – сүт сымал), С а м а н ч ы ж о л у с и с т е м а с ы – Күндү камтыган жылдыздардын чоӊ системасы. Ага планеталар системасы да (Жер дагы) кирет. Галактика 100 млрддай жылдыздардан, ошондой эле жылдыз аралык мейкиндиктеги газдуу ж-а чаӊдуу тумандуулук, ар кандай жылдыз топтору, чаӊдар ж-а айрым атомдордон турат. Көпчүлүк жылдыздар формасы линза (туурасынан диаметри 30 миӊ, калыӊдыгы 4 миӊ ''пс''ке жакын) түрүндө болуп, анын симметрия тегиздигине (Галактика тегиздиги) ж-а борборуна (Галактиканын жалпак система бөлүгүн) карай топтолгон. Жылдыздардын азы- <br/>
<br/>
[[File:ГАЛАКТИКА (33.png | thumb | none]]
[[File:ГАЛАКТИКА (33.png | thumb | none]]
[[File:ГАЛАКТИКА (34.png | thumb | none]]
[[File:ГАЛАКТИКА (34.png | thumb | none]]
''а б''
''а'' <center>Галактикалар: ''а)'' пекулярдык галактика; ''б)'' Стефандын Квинтет галактикалар тобу.
<br/><center>Галактикалар: ''а)'' пекулярдык галактика; ''б)'' Стефандын Квинтет галактикалар тобу.</center>
</center>
раак бөлүгү Жерден Жаачы (Стрелец) топ жылдызына (Г-нын сфералык системасы) багытталган Г-нын борборуна (ядросуна) топтолуп, радиусу 15 миӊ ''пс''ке жакын сферага чогулган. Күн системасы да Г-нын борборунан 10 миӊ ''пс''тей аралыкта, ал эми кээ бир облустары бизден 25 миӊ ''пс'' аралыкта жайгашкан. Жерден телескопсуз караган байкоочуга ал ''Саманчы жолу'' түрүндө көрүнөт. Курамына Күн системасы кирген Г-ны башка ''галактикалардан'' айырмалоо үчүн «биздин Галактика» деп да аташат. Бардык жылдыздар ж-а жылдыз аралык заттар м-н бирге эсептегенде, Г-нын толук массасы Күн массасынан 1011 эсе чоӊ же болжол м-н 1044 ''г''га барабар. Г-да жылдыз, чаӊ ж-а газдар бири биринен алыс жайгашкандыктан, ар түрдү багытта секундуна ондогон, жүздөгөн ''км'' ылдамдыкта кыймылда болсо да, алар урунушпайт. Г-нын компоненттери: жылдыздар тобу, жылдыз ассоциациясы, газ м-н чаӊдар, күӊүрт ж-а ачык тумандуулуктар. Булар өтө алыс аралыктан айрым жылдыздарга караганда даана байкалат. Г-ны изилдөөдө радиофизиканын ыкмалары колдонулат. Саманчы жолуна биринчи жолу 1610-ж. Г. ''Галилей'' байкоо жүргүзгөн. Бирок Г-нын түзүлүшүн изилдөөнү 18-к-дын аягында англ. астроном У. Гершель баштаган. В. Я. Струве көлөм бирдигиндеги жылдыздар саны Г. тегиздигине жакындаган сайын көбөйгөндүгүн, ал эми Күн Г. борборунда орун албагандыгын аныктаган. Г-нын өлчөмү ж-дө 20-кдын башында немис астроному Х. Зелигер м-н голл. астроном Я. Каптейн далилдү сунуш киргизген. 20-к-дын 20-жылдарында амер. астроном Х. Шепли Г-нын ортосунун багыты Жаачы жылдызында экендигин аныктап, Күн Г. борборунда жайгашпаганын далилдеген. Швед. астроному Б. Линдблад жылдыздардын түрдү ылдамдыгына таянып, Г-нын динамикасы м-н түзүлүшүн изилдеген, Г. татаал түзүлүштө экендигин ачкан. 1927-ж. голл. астроном Я. Оорт жылдыздардын жарык ылдамдыгы м-н өз алдынча кыймылын изилдөөдө Г-нын өз алдынча кичи огунун айланышын далилдеген. Г-нын борборуна жакын бөлүкчөлөрү сыртында жаткан бөлүгүнө караганда тезирээк айланат. Г-нын тыгыздыгы анын борборуна жакындаган сайын чоӊоёт. Г-да жылдыздар пайда болуп турарын изилдөөлөр көргөздү. Көп жылдыздар Жерден кийин пайда болгон. ''Галактика ядросу'' жылдыз аралык заттын тыгыз массасынын ичинде орун алгандыктан, аны оптикалык аспаптар м-н байкоо кыйын, ал радиоастр. байкоо жүргүзүү аркылуу далилденет. Г-нын өнүгүсүн изилдөө адам баласынын дүйнөгө көз карашын кеӊейтти.
раак бөлүгү Жерден Жаачы (Стрелец) топ жылдызына (Галактиканын сфералык системасы) багытталган Галактиканын борборуна (ядросуна) топтолуп, радиусу 15 миӊ ''пс''ке жакын сферага чогулган. Күн системасы да Галактиканын борборунан 10 миӊ ''пс''тей аралыкта, ал эми кээ бир облустары бизден 25 миӊ ''пс'' аралыкта жайгашкан. Жерден телескопсуз караган байкоочуга ал ''Саманчы жолу'' түрүндө көрүнөт. Курамына Күн системасы кирген Галактиканы башка ''галактикалардан'' айырмалоо үчүн «биздин Галактика» деп да аташат. Бардык жылдыздар ж-а жылдыз аралык заттар м-н бирге эсептегенде, Галактиканын толук массасы Күн массасынан 1011 эсе чоӊ же болжол м-н 1044 ''г''га барабар. Галактикада жылдыз, чаӊ ж-а газдар бири биринен алыс жайгашкандыктан, ар түрдү багытта секундуна ондогон, жүздөгөн ''км'' ылдамдыкта кыймылда болсо да, алар урунушпайт. Галактиканын компоненттери: жылдыздар тобу, жылдыз ассоциациясы, газ м-н чаӊдар, күӊүрт ж-а ачык тумандуулуктар. Булар өтө алыс аралыктан айрым жылдыздарга караганда даана байкалат. Галактиканы изилдөөдө радиофизиканын ыкмалары колдонулат. Саманчы жолуна биринчи жолу 1610-ж. Г. ''Галилей'' байкоо жүргүзгөн. Бирок Галактиканын түзүлүшүн изилдөөнү 18-кылымдын аягында англиялык астроном У. Гершель баштаган. В. Я. Струве көлөм бирдигиндеги жылдыздар саны Галактика тегиздигине жакындаган сайын көбөйгөндүгүн, ал эми Күн Галактика борборунда орун албагандыгын аныктаган. Галактиканын өлчөмү жөнүндө 20-кылымдын башында немис астроному Х. Зелигер м-н голландиялык астроном Я. Каптейн далилдүү сунуш киргизген. 20-кылымдын 20-жылдарында америкалык астроном Х. Шепли Галактиканын ортосунун багыты Жаачы жылдызында экендигин аныктап, Күн Галактика борборунда жайгашпаганын далилдеген. Швед астроному Б. Линдблад жылдыздардын түрдү ылдамдыгына таянып, Галактиканын динамикасы м-н түзүлүшүн изилдеген, Галактика татаал түзүлүштө экендигин ачкан. 1927-жылы голландиялык астроном Я. Оорт жылдыздардын жарык ылдамдыгы м-н өз алдынча кыймылын изилдөөдө Галактиканын өз алдынча кичи огунун айланышын далилдеген. Галактиканын борборуна жакын бөлүкчөлөрү сыртында жаткан бөлүгүнө караганда тезирээк айланат. Галактиканын тыгыздыгы анын борборуна жакындаган сайын чоӊоёт. Галактикада жылдыздар пайда болуп турарын изилдөөлөр көргөздү. Көп жылдыздар Жерден кийин пайда болгон. ''Галактика ядросу'' жылдыз аралык заттын тыгыз массасынын ичинде орун алгандыктан, аны оптикалык аспаптар м-н байкоо кыйын, ал радиоастр. байкоо жүргүзүү аркылуу далилденет. Галактиканын өнүгүүсүн изилдөө адам баласынын дүйнөгө көз карашын кеӊейтти.
<br/>Ад.: ''Азимов А''. Вселенная. М., 1969; ''Марочник Л. С., Сучков'' А. А. Галактика. М., 1984.
 
<br />Ад.: ''Азимов А''. Вселенная. М., 1969; ''Марочник Л. С., Сучков'' А. А. Галактика. М., 1984.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:24, 12 Август (Баш оона) 2024 -деги абалы

ГАЛА́КТИКА ( гр. galaktikjs – сүт сымал), С а м а н ч ы ж о л у с и с т е м а с ы – Күндү камтыган жылдыздардын чоӊ системасы. Ага планеталар системасы да (Жер дагы) кирет. Галактика 100 млрддай жылдыздардан, ошондой эле жылдыз аралык мейкиндиктеги газдуу ж-а чаӊдуу тумандуулук, ар кандай жылдыз топтору, чаӊдар ж-а айрым атомдордон турат. Көпчүлүк жылдыздар формасы линза (туурасынан диаметри 30 миӊ, калыӊдыгы 4 миӊ пске жакын) түрүндө болуп, анын симметрия тегиздигине (Галактика тегиздиги) ж-а борборуна (Галактиканын жалпак система бөлүгүн) карай топтолгон. Жылдыздардын азы-

а

Галактикалар: а) пекулярдык галактика; б) Стефандын Квинтет галактикалар тобу.

раак бөлүгү Жерден Жаачы (Стрелец) топ жылдызына (Галактиканын сфералык системасы) багытталган Галактиканын борборуна (ядросуна) топтолуп, радиусу 15 миӊ пске жакын сферага чогулган. Күн системасы да Галактиканын борборунан 10 миӊ пстей аралыкта, ал эми кээ бир облустары бизден 25 миӊ пс аралыкта жайгашкан. Жерден телескопсуз караган байкоочуга ал Саманчы жолу түрүндө көрүнөт. Курамына Күн системасы кирген Галактиканы башка галактикалардан айырмалоо үчүн «биздин Галактика» деп да аташат. Бардык жылдыздар ж-а жылдыз аралык заттар м-н бирге эсептегенде, Галактиканын толук массасы Күн массасынан 1011 эсе чоӊ же болжол м-н 1044 гга барабар. Галактикада жылдыз, чаӊ ж-а газдар бири биринен алыс жайгашкандыктан, ар түрдү багытта секундуна ондогон, жүздөгөн км ылдамдыкта кыймылда болсо да, алар урунушпайт. Галактиканын компоненттери: жылдыздар тобу, жылдыз ассоциациясы, газ м-н чаӊдар, күӊүрт ж-а ачык тумандуулуктар. Булар өтө алыс аралыктан айрым жылдыздарга караганда даана байкалат. Галактиканы изилдөөдө радиофизиканын ыкмалары колдонулат. Саманчы жолуна биринчи жолу 1610-ж. Г. Галилей байкоо жүргүзгөн. Бирок Галактиканын түзүлүшүн изилдөөнү 18-кылымдын аягында англиялык астроном У. Гершель баштаган. В. Я. Струве көлөм бирдигиндеги жылдыздар саны Галактика тегиздигине жакындаган сайын көбөйгөндүгүн, ал эми Күн Галактика борборунда орун албагандыгын аныктаган. Галактиканын өлчөмү жөнүндө 20-кылымдын башында немис астроному Х. Зелигер м-н голландиялык астроном Я. Каптейн далилдүү сунуш киргизген. 20-кылымдын 20-жылдарында америкалык астроном Х. Шепли Галактиканын ортосунун багыты Жаачы жылдызында экендигин аныктап, Күн Галактика борборунда жайгашпаганын далилдеген. Швед астроному Б. Линдблад жылдыздардын түрдү ылдамдыгына таянып, Галактиканын динамикасы м-н түзүлүшүн изилдеген, Галактика татаал түзүлүштө экендигин ачкан. 1927-жылы голландиялык астроном Я. Оорт жылдыздардын жарык ылдамдыгы м-н өз алдынча кыймылын изилдөөдө Галактиканын өз алдынча кичи огунун айланышын далилдеген. Галактиканын борборуна жакын бөлүкчөлөрү сыртында жаткан бөлүгүнө караганда тезирээк айланат. Галактиканын тыгыздыгы анын борборуна жакындаган сайын чоӊоёт. Галактикада жылдыздар пайда болуп турарын изилдөөлөр көргөздү. Көп жылдыздар Жерден кийин пайда болгон. Галактика ядросу жылдыз аралык заттын тыгыз массасынын ичинде орун алгандыктан, аны оптикалык аспаптар м-н байкоо кыйын, ал радиоастр. байкоо жүргүзүү аркылуу далилденет. Галактиканын өнүгүүсүн изилдөө адам баласынын дүйнөгө көз карашын кеӊейтти.


Ад.: Азимов А. Вселенная. М., 1969; Марочник Л. С., Сучков А. А. Галактика. М., 1984.