ГАЛИЛЕЙ Галилео: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАЛИЛЕ́Й Галилео (15.2.1564, Италия, Пиза ш. – 8. 1. 1642, Флоренцияга жакын, Арчетри) – итал. физик, механик ж-а астроном, табият илимдерине негиз салуучу. Ал Аристотель, Евклид ж-а Архимеддин

эмгектеринен таалим алган; металл куймаларынын курамын тез аныктоо ж-а фигуранын оордук борбору ж-дөгү геом. изилдөөлөр үчүн гидростатикалык тараза жасаган. 1589-жылдан Пизада, 1592-жылдан Падуяда математика кафедрасын жетектеп, ил. иш жүргүзгөн. 1592–1610-ж. ил. чыг-лыгы күчтүү өнүккөн. Г. нерсенин эркин, жантык тегиздик б-ча тү- шүшү, горизонтко бурч б-ча ыргытылган нерсенин кыймылы, маятниктин изохрондуу термелиши ж-дө эмгектерди жараткан. Ал Н. Коперниктин ишин уланткан. 1609-ж. биринчи жолу өзү жасаган телескоп аркылуу Айда тоолор ж-а кратерлер бар экенин, Чолпон фазаларын, Юпитердин 4 спутнигин байкаган; Күн бетиндеги кара тактарды, алардын которулуп жылышы б-ча Күн да өз огунун айланасында айлана тургандыгын ачкан. Телескоп аркылуу Саманчы жолу жылдыздар тобунан турарын байкаган. Г. механика, оптика ж-а астрономиянын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Анын кыймылдын салыштырмалуулугу ж-дөгү пикирлери механиканын бир катар негизги проблемаларын чечүүгө түрткү берген. Ал Коперниктин гелиоборб. системасын жайылткандыктан, чиркөө кызматкерлери астрономияга тиешелүү эмгек жазууга тыюу салган. Өмүрүнүн акыркы жылдарын куугунтукта өткөрүп, сокур болуп калган.
Ад.: Выгодский М. Я. Галилей и инквизиция. М.; Л., 1934; Кузнецов Б. Г. Галилей. М., 1964.