ГЕЛИФАКС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕ́ЛИФАКС , Х а л и ф а к с – Канаданын түш.-чыгышындагы шаар. Жаӊы Шотландия провинциясынын адм. борбору. Калкы 431,1 миӊ (2017). Жолдор тоому. Атлантика океанындагы тоӊбогон бухтадагы ири деӊиз порту (14 млн т жүк ташылат; негизинен нефть импорттолот). Эл аралык аэропорту бар. 1749-ж. негизделген. 1842-жылдан шаар. Чеп (1828–56, саат мунарасы м-н, учурда Аскер музейи), мунара (1796 –97), өкмөт үйү, ун-ттер (а. и. король коллежи, тех., иск-во ж. б.), океан изилдөө борбору, музейлер, сүрөт гал., театрлар бар. Өнөр жайынын башкы тармагы – кеме куруу ж-а нефть ажыратуу. О. эле автомобиль куруу, электроника, эмерек, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет.