ГАЛЬВАНИ ЭЛЕМЕНТИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАЛЬВА́НИ ЭЛЕМЕ́НТИ – окистенүү-калыбына келүү реакциясынын натыйжасында пайда болгон электр тогунун хим. булагы. Ал электролиттердин эритмесине малынган 2 түрдүү тектеги металл электроддордон турат. Демейде металл электрод ошол металлдын иону бар эритмеге малынат. Эритмелер бири биринен тешикчелүү тосмо м-н бөлүнөт. Терс заряддалган электрод анод деп аталып, анда окистенүү (электронду берүү) жүрөт. Оӊ заряддалган электрод катод деп аталып, анда калыбына келүү (электронду кошуп алуу) жүрөт. Г. э-нин бир жолу пайдаланылуучу (кургак элементтер), көп жолу пайдаланылуучу (аккумуляторлор) ж-а электрод заттарын дайым сарптоочу түрлөрү бар. Туруктуу электр тогунун булагы катары колдонулат.