ГАЛЬВАНОМЕТР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАЛЬВАНОМЕ́ТР – эӊ аз токту, чыӊалууну ж-а электр санын өлчөөчү өтө сезгич прибор (к. Баллистикалык гальванометр). Электр тизмегиндеги токту же тизмектин кандайдыр бир эки чекиттин ортосундагы потенциалдарынын нөлдүк айырмасын аныктоодо нөл-индикатор катары кеӊири колдонулат. Көбүнчө магнитэлектрдик өлчөгүч механизми бар туруктуу ток кеӊири тараган. Анын сезгичтигин жогорулатуу үчүн оптикалык эсептегич түзүлүш пайдаланылат. Г-дин сезгичтиги ж-а анын кыймылдуу бөлүгүнүн кыймылынын мүнөзү Г-ге бириктирилген сырткы электр тизмегинин каршылыгына көз каранды.