ГАМЕТОГЕНЕЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАМЕТОГЕНЕ́З (гаметa... ж-а ...генез) – жыныс клеткаларынын (гаметалардын) өрчүү ж-а калыптануу процесси. Аталык гаметалар (сперматозоиддер) – спермогенез, энелик гаметалар (жумуртка клеткалар) оогенез деп аталат. Көп клеткалуу жаныбарларда Г. жыныс бездеринде же гонадаларда (энелик клеткада, урукта, кыстеке жыныс бездеринде) үч этап м-н жүрөт: 1) алгачкы жыныс клеткалардын – гаметагонийлердин (сперматогоний ж-а оогонийлер) мейоз жолу м-н көбөйүшү; 2) ал клеткалардын өсүп жетилиши (гаметоцитте); 3) сперматозоиддердин ж-а энелик клеткалардын калыптануусу. Өсүмдүктө Г. спораларда башталат. Споралардан өрчүгөн гаплоиддүү гаметофиттердин гаметангийлеринде (аталыгы антеридийлерде, энелиги археганийде) митоз жолу м-н Г. жүрөт.