ГАММА НУРЛАНУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГА́ММА НУРЛАНУУ, - н у р л а н у у – атомдун дүүлүккөн ядросунан бөлүнүп чыккан кыска толкундуу (λ<10–8 см) ж-а чоӊ энергиялуу (10 кэВтон 5МэВко чейинки) электр-магниттик нурлануу (фотон). Ал ядролук реакциялар учурунда бөлүнүп чыгат. Радиоактивдүү элементтердин ядролук бөлүнүшүндө пайда болгон -, -нурлары м-н катар мындай кыска толкундук электр-магниттик нурлануулар -нурлары деп аталат. -нурларын гана бөлүп чыгаруучу радиоактивдүү атомдор массалык саны, катар орду ж-а ядросунун заряды б-ча өзгөрбөйт. Себеби, -фотондору тынч абалдагы массага ж-а зарядга ээ эмес. Көпчүлүк учурда энергиясы 100 кэВтон ашкан ар кандай электр-магниттик нурланууларды (фотондорду), о. эле айрым элементардык бөлүкчөлөрдүн бөлүнүшүндө да пайда болгон фотондор -фотондор деп аталат. Г. н-нун негизги мүнөздөөчүсү – анын энергия спектри. Атомдук ядро баштапкысынан аз энергиялуу экинчи абалга өткөндө, энергиясы эки абалдагы энергиянын айырмасына барабар болгон -квантты нурландырат. Ядронун ар бир абалына белгилүү энергия туура келгендиктен, ядролук Г. н. сызыктуу спектрге ээ. -нурларынын зат аркылуу өтүү жөндөмдүүлүгү анын энергиясына ж-а заттын табиятына жараша болот.