ГАНТЕЛЬ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАНТЕ́ЛЬ (нем. Наntel) – металлдан жасалып, кыска тутка м-н бириктирилген эки шардан турган гимнастикалык кол жабдык. Г. негизинен ийин ж-а кол булчуӊдарын чыӊдоочу көнүгүүлөрдү жасоодо колдонулат. Г. куюп (салмагы туруктуу) ж-а учтарына түрдүү салмактагы дисктер бекитилүүчү ажыратылма, о. эле пружиналуу ж-а универсалдуу болот. Куюлма Г. жеӊил (1–5 кг), орточо (6–10 кг) ж-а оор (50 кгга чейин ж-а андан да оор) салмакта жасалат.