ГАОЧАН: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАОЧА́Н – Чыгыш Түркстандагы байыркы шаар. Г-дын тарыхы хунндардын доорунан башталат. Б. з. 1-к-да түн. хунндар Чыгыш Түркстанда өзүлөрүнүн саясий таасирин бекемдеген. Хан империясы 2-к-да хунндардан жеӊилгенден кийин батыш аймактардан узак мезгилге чейин ажырап калган. 3–4-к-да Г. аймагы бирде Кытайдын, бирде көчмөн хунн урууларынын колуна өтүп турган. 397–401-ж. Хэси ж-а Г. аймагында хунндардын башчысы Цзюйцюй Менсюн Түн. Лян династиясын негиздеген. 460-ж. бул династия жуан-жуандар тарабынан кыйратылган. Бул аймакта ошол эле учурда хунндар м-н көчүп келген ашина түрктөрүнүн тарыхынын эрте мезгили (Ганьсу-Гаочан 3-к. 460-ж.) өткөн. Кийин Г. Чыгыш Түркстандын башка шаарларындай эле Батыш Түрк кагандыгынын карамагында болгон. 9-к-дын 2-жарымында шаар Уйгур кагандыгынын борборлорунун бирине айланган. Г. ш-нын орду азыркы Турпан ш-нан 35 км түш.-чыгышта.
Ад.: Кляшторный С. Г., Колесников А. А. Восточный Туркестан глазами русских путешественников. А.-А., 1988; История Киргизской ССР. Ф., 1984.
Т. Асанов.