ГАРЕЕВ Энвер Закизьянович: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАРЕЕВ Энвер Закизьянович (10.1.1910, Татар АССРи, Сарман р-ну, Чураш кыш. – 2.5.1974, Фрунзе) – биология илимд. доктору (1957), Кырг. ССР ИАнын корр. мүчөсү (1964). Краснодар а. ч. ин-тун бүтүргөн (1936). Кыргыз респ. жашылча-жемиш

станциясында кенже ил. кызматкер (1936) ж-а директору (1945). Кыргыз ССР ИАнын Ботаника багынын директору (1946–74). Мөмө бактарынын физиологиясы ж-а селекциясы б-ча адис. 100дөн ашуун ил. эмгектин, а. и. 4 монографиянын автору. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. КР УИАнын Ботаника багына ысмы берилген.
Эмг.:Агротехнические рекомендации по плодовоягодным культурам и винограду для Киргизской ССР. Ф., 1959; Багбанчылыктын негиздери. Ф., 1968; Особенности образования цветочных почек у яблони. Ф., 1970.