ГАРМОНИЯЛЫК ТЕРМЕЛҮҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАРМОНИЯЛЫК ТЕРМЕЛҮҮ – кандайдыр физ. чоӊдуктун убакыт ичинде синус же косинус закондору м-н өзгөрүшү. Ал эӊ жөнөкөй термелүүлөр болуп эсептелет. Мех. термелүүдө Г. т. жылыш аралыгы x=Asin(wt+) же x=Acos(wt+) теӊдемеси м-н туюнтулат. Мында x – убакыттын берилген t моментинде термелүүчү чоӊдуктун мааниси, A – термелүү амплитудасы, (wt+) – термелүү фазасы, w – айлануу же циклдик жыштык, – баштапкы фаза. Графикте Г. т. синусоида же косинусоида м-н мүнөздөлөт. Ал серпилгичтүү же ага окшош өзгөрүүчү күчтөрдүн аракети м-н дайыма теӊ салмактуу абалдын айланасында болот. Г. т. – түрдүү формадагы термелүүлөрдүн эӊ маанилүүсү.