ГАФУРОВ Абуталиб Гафурович: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАФУРОВ Абуталиб Гафурович (21. 11. 1882, Дагестан, Шуни айылы – 1975, ошол эле жер) – лак акыны, Дагестан эл акыны (1939). Лак ыр түзүлүшүнө уйкаштыкты, сегиз муундуу ыр өлчөмүн киргизген, ыр аралаш проза жанрын түзгөн. Гражд. согушта партизан отрядында музыкант ж-а жоокер болгон. Алгачкы ырлары «Революциянын кадамдары» (1932) альманахында жарыяланган. «Жаӊы дүйнө» жыйнагы (1934) чыккан. Элдин эмгектеги баатырдыгын, лак дыйкандарынын турмушун («Каалоо», «Тоолор», «Кули айылы») сүрөттөгөн ырлардын, кыска аӊгеме-миниатюралардын, «Экинчи өмүр» (1970), «Абуталиб айтты...» (1975) аттуу ыр жыйнактарынын автору. Дагестан АССР Жогорку Советинин (бир нече шайланышынын) депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы ж. б. ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.