ГВАРДИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГВА́РДИЯ – байыркы убакта мамлекет башчысын же аскер башчыны кайтарган чакан отряддар. Кийинчерээк тандалма аскер бөлүктөрү да «Г.» деп аталган. Г. аскерлердин түрү катары 1-жолу Италияда (10-к.) пайда болгон. Орус Г-сын 1696–1700-ж. Пётр I түзгөн, ал Семёновск ж-а Преображенск лейб-гвардия полкторунан турган. Кийинчерээк гвардиялык бирикмелер түзүлүп, 1918-ж. жоюлган. СССР убагында Г. – ардактуу наам, согушта өзгөчө эрдик көрсөткөн бөлүктөргө ж-а бирикмелерге берилген. Гвардиялык бөлүктөргө, кошуундарга, бирикмелерге өзгөчө гвардиялык туулар, кемелерге – аскер-деӊиз туулары тапшырылган. Тынч убакта аскер бөлүкчөлөрүн гвардиялык кылып кайрадан өзгөртүү жүргүзүлбөйт, к. Улуттук гвардия.