ГВАТЕМАЛА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГВАТЕМА́ЛА , Г в а т е м а л а Р е с п у б л и к а с ы – Борб. Америкадагы мамлекет. Түндүгүнөн ж-а батышынан Мексика, түн.-чыгышынан Белиз, түш.-чыгышынан Сальвадор

ж-а Гондурас м-н чектешет. Чыгышын Кариб деӊизи, түш.-батышын ж-а түштүгүн Тынч океан чулгайт. Аянты 108,9 миӊ км2. Калкы 17,0 млн (2021); калкынын саны б-ча Борб. Америкадагы ири өлкө. Мамл. тили – испан тили. Борбору – Гватемала ш. Акча бирдиги – кетсаль. Адм.-айм. жактан 22 департаментке бөлүнөт.
Г. БУУнун, ЮНЕСКОнун, Эл аралык атом энергиясы агентчилигинин, Эл аралык валюта фондунун, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, Эл аралык реконструкция ж-а өнүктүрүү банкынын, Эл аралык олимпия к-тинин ж. б. мүчөсү.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2002)
Г. – унитардык мамлекет. Конституциясы 1985-ж. 31-майда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Респ. конгресс. Аткаруу бийлигин президент жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Улуттук прогресс партиясы, Гватемала Республикалык фронту ж. б.
Г-нын рельефи тоолуу. Өлкөнүн түндүгүн акиташ тегинен турган Петен тайпак тоосу ээлесе, түштүгүндө Тынч океанды бойлой кууш ойдуӊдар созулуп жатат. Эӊ ири тоо системасы – Сьерра-Мадре, ал көптөгөн жанар тоолордон (а. и. аракеттегилери да бар) турат; эӊ бийик жери Тахумулько жанар тоосу (бийикт. 4220 м). Жер титирөөлөр тез-тез болуп турат. Климаты тропиктик, пассаттык-муссондук, жумшак. Тоолуу

аймактарында жылдык орт. темп-расы 20°С, бийик тоолорунда 8–13°С. Жылдык жаан-чачыны туюк тоо аралык ойдуӊдарда 500 мм, түш.- чыгышында 2000 мм, тайпак тоолордо 3500 мм. Негизги дарыялары – Мотагуа, Полочик. Көлдөрү: Исабаль, Атитлан, Амантитлан ж. б. Гватемала Борб. Америкадагы өлкөлөрдөн бай флорасы м-н өзгөчөлөнүп, көптөгөн эндемиктер кездешет. Кызыл-сары, кызыл ферраллит топурагы басымдуу. Аймагынын жарымынан көбүн дайыма жашыл токой каптап жатат. Түндүгүндө эмен ж-а кызыл карагай, түштүгүндө жалбырагы күбүлмө токой ж-а саванна өсөт. Кен байлыктарынан коргошун, никель, вольфрам, хром, цинк, күмүш казылып алынат, о. эле нефтинин да запасы бар. Жалпы аянты 2,5 млн га болгон коргоого алынган 73 табигый аймагы бар, а. и. Сьерра-де-лас-Минас ж-а Майя биосфералык резерваттары [анын аймагында Тикаль (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген), Рио-Дульсе, Атитлан улуттук парктары] уюшулган.


Негизинен аргындар (55%), о. эле индейлер, европалыктар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Көпчүлүгү католиктер, кийинки мезгилде протестанттар көбөйүүдө. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 117 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 67,6, аялдарыныкы – 71,2 жаш. Шаар калкы 39,9%. Ири шаарлары: Гватемала, Кесальтенанго.
Б. з. ч. 2-миӊ жылдыкта Г. аймагында индей уруулары жашап, дыйканчылык (жүгөрү, агава, пахта) ж-а мергенчилик м-н кесип кылган. Аларда курулуш, арх-ра, астрономия, жазуу жакшы өнүккөн. Б. з. башында Петен-Ица көлүнүн түн.-чыгышында жогорку деӊгээлде өнүккөн майя цивилизациясынын борборлорунун бири болгон шаарлар пайда болгон. Г-нын аймагында майя жазуусу иштелип чыккан. 15-к-дын аягында уруулардын өз ара согушунан Г-нын экономикасы ж-а мад-ты төмөндөгөн. Америкадагы испан колонияларынын көз каранды эместиги үчүн согушунун (1810–26) жүрүшүндө Г. 1821-ж. Испаниянын эзүүсүнөн бошотулган. 1823-ж. Борб. Американын бириккен провинцияларынын федерациясынын курамына кирген. 1839-ж. федерация ж-дөгү пакт жоюлуп, өз алдынча бир нече республика (Г., Гондурас, Никарагуа, Сальвадор ж-а Коста-Рика) түзүлөт. Плантациялык ири чарбалардын өнүгүшү м-н Г-да капит. мамилелер калыптана баштайт. 1898-ж. М. Х. Эстрада Кабрера катаал диктатура режимин орнотот. АКШ 20-к-да Г-нын банандуу мыкты жерлерин, темир жолдорун, портторун ээлеп, «мамлекет ичиндеги мамлекет» курат. Өлкөдө 20-жылдары улуттук-боштондук ж-а демокр. кыймыл кулач жаят. 1931-ж. генерал Х. Убиконун аскердин диктатурасы орнотулат. Өлкөдө репрессия күч алган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилиндеги улуттук-боштондук кыймыл Х. Убиконун кулашын шарттап, 1944–54-жылдагы рев-янын жеӊишине алып келди. Х. Аревало (1945–51) м-н Арбенс Гусмандын (1951–54) өкмөттөрү демокр. конституция кабыл алып, агрардык реформа жүргүзө баштаган, демокр. эркиндик ж. б. социалдык ин-ттар калыбына келтирилген. 1954–85-жылдар аралыгында бир нече аскердик төӊкөрүштөр болуп өткөн. Өкмөттүк аскерлер м-н Улуттук рев-ялык биримдик уюмунун ортосундагы 30 жылга созулган куралдуу кагылыштар 1996-ж. токтогон. Узак убакыт партизандык топтор м-н сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 1996-жылдын 29-декабрында Альваро Арсунун (1995-ж. ноябрда президенттикке шайланган) өкмөтү партизандар м-н тынчтык келишимине кол койгон. 2016-жылдан өлкө президенти Алехандро Мальдонадо Агирре.
Г. – агр. өлкө. ИДПнин көлөмү 62,97 млрд доллар (2005, АКШ); аны киши башына бөлүшт үргөндө 5200 доллардан туура келет. ИДПде тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 58,1%, айыл, токой ж-а балык чарбаларыныкы 22,8%, өнөр жайдыкы 19,1%. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: кофе, банан, кардамон, гозо; өз керектөөлөрү үчүн жүгөрү, шалы, буурчак өстүрүлөт. Аймагынын 12,5%ин

айдоо аянты ээлейт. Мал чарбачылыгы өнүккөн. Балык кармалат (негизинен креветка). Баалуу тропик дарактары ж-а чикле чайыры (сагыз өндүрүшү үчүн) даярдалат. Туз казылып алынып, иштетилет. 2003-ж. 6,9 млрд кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн. Тамак-аш – татымал, булгаары, текстиль, нефть-хим. өнөр жай ишканалары, нефть ажыратуу, болот-прокат з-ддору иштейт. Деӊиз соода флотунун тоннажы 353 миӊ т дедвейт. Темир жолунун уз. 1139 км, автомобилдики 14 миӊ км, ички суу жолунуку 260 км (жыл бою кеме жүрөт). Деӊиз порттору:

Пуэрто-Барриос, Сан-Хосе, Чамперико. Нефть куурунун уз. 480 км (2004). Негизги соода шериктери: АКШ, Мексика, Борб. Америка өлкөлөрү, Германия. Туризм өнүгүүдө.
Майя индейлеринин байыркы мад-ты Г. Аймагында 2–9-к-да гүлдөп өнүккөн (борб. Тикаль, Каминальгую, Киригуа; пирамида же мунара түрүндөгү храмдар, ак сарайлар, алтарлар, жазылган ж-а оймо-чиймеленген карапа идиштер; таш, сөөктөн жасалган буюмдар). Мад-тын бул салттары индейлердин көркөм өнөр кол өнөрчүлүгүндө (кара, кызыл ж-а ак кездемелерге геом. оюу-чийүүлөр, жоолук ж-а курларда адамдар м-н айбандардын келбеттери; эркектердин көйнөктөрүндө ж-а аялдардын кофталарында саймалар, карапа идиштердеги жазуулар, агава буласынан ж-а пальма жалбырагынан токулган буюмдар) сакталып калган. Колониялык мезгилде жаӊы шаарлар өсүп чыкты (Антигуа, Чичикастенанго). Барокко стилиндеги жазы дубалдуу, мавритан мотивинде салынган курулуштар пайда болгон (арх. Л. Диес Наварро, Х. М. Рамирес). Күмүштөн, карапа же жыгачтан жасалып, алтын, күмүш, эмал, лак м-н кооздолгон ыйыктардын өзгөчөлөнгөн статуяларын жасашкан. Живопись диндик мүнөздө өнүккөн. 19–20-к-да реалисттик пейзаж ж-а турмуштук жанр өнүккөн. Индейлердин турмушу ж-дө сүрөтчүлөр – Т. Фонсен, Р. Ласо, Х. Сисай-Сисай ж. б. тартышкан.