ГВАТЕМАЛАЛЫКТАР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГВАТЕМАЛАЛЫКТАР – эл, Гватемаланын негизги калкы. Жалпы саны 15 млн киши, анын 42%тин Г. түзөт (2008). АКШ, Мексика, Белизде да жашашат. Испан тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү католиктер, протестанттар да бар. Г-дын этностук негизин испан-индей аргындары – ладино, испан креолдору түзгөн. 16-к-да испан колониячылары Гватемаланы басып алып, көптөгөн урууларды кырган

ж-а колониясына айландырган. 1821-ж. респ. түзүлгөндөн кийин, Г-дын калыптануу процесси аяктаган. Испан тилдүү элдер өлкөнүн түш.-чыгышындагы экономикасы өнүккөн райондордо, ири шаарларда жашап, өнөр жайларда иштесе, кедей (жери аз же жери жок) катмарлары (ладино) жерлерди ижарага алып ж-а плантацияларда жалданып иштешкен. Г-да кол өнөрчүлүк өнүккөн. Кездеме токуп, бетине көчөт түшүрүлгөн оймо-чиймелүү карапа, таштан, сөөктөн, үлүл кабыктарынан түрдүү буюмдарды жасашкан. Г. дыйканчылык м-н кесиптенип, дубалы камыш, адобадан тургузулуп, сырты ылай м-н шыбалган, чатыры саман, пальма жалбырагы м-н жабылган алачыктарда, жер


үйлөрдө, колунда барлары кыштан салынган чатырлуу үйлөрдө жашашкан. Г-дын улуттук кийимдеринде испан ж-а индейлердин кийимдеринин айкалышкан элементтери кездешет. Тамак-ашы негизинен эт, ун азыктары, а. и. маис унунан бышырылган нан, ашкабак, төө буурчактан даярдалган тамак, сууга маис уну же бал кошулуп даярдалган суусундуктарды кеӊири пайдаланышат. Г-да дыйканчылык, чиркөө майрамдары улуттук майрам катары майрамдалат. Ш. Керимова.