ГДАНЬСК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГДАНЬСК – Польшадагы шаар. Балтика деӊизинин жээгинде, Висла д-нын боюнда жайгашкан. Гданьск воеводдугунун (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 582,2 миӊ (2017). Өлкөнүн ири порту (жылына 20 млн т дай жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. Кеме куруу, электр-тех., хим., нефть ажыратуу, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Ун-т, деӊиз музейи, театрлар (опера, драма) иштейт. 14–15-кдын шаар чептери ж-а порт курулмаларынын калдыктары, Дева Мария костёлу (14–16-к-дын аягы), башкы ратуша (14–16-к.), арсенал (17-кдын башы), ренессанс ж-а барокко стилинде курулган үйлөр сакталган. Алгач 10-к-дын аягынан эскерилет. 10–13-к-да Чыгыш-Поморье княздыгынын борбору. 1793–1918-ж. Германияга баш ийип турган (Данциг деп аташкан). Версаль тынчтык келишими (1919) б-ча «Эркин шаар» статусун алып, Улуттар лигасынын башкаруусунда болгон.