ГЕДОНИЗМ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕДОНИ́ЗМ (гр. hedone – ыракат, жыргал) – ыракатты адамдын жүрүм-турумунун жогорку максаты ж-а негизги жүйөөсү катары көрсөтүүчү этикалык багыт. Ыракатка умтулууну Г. адамдардын жүрүм-турумдарындагы негизги кыймылдаткыч күч деп эсептейт. Анткени андай аракеттер адамдарга жаратылыш тарабынан берилгендиктен, бардык кыймылдардын, иштердин баары күн мурунтан, алдын ала белгилеген болуп чыгат. Жакшылыкка умтулуунун себеби – адам ар кандай азап чегүүдөн кутулуп ыракат алууга далалаттанат, ал эми жамандыкта жапа чегип, мээнет тартып азаптанат. Г-ди байыркы Грекияда киреналык Аристипп негиздеген (ошол себептен аны «киреналыктардын философиясы» деп аташкан). Г-дин эӊ өнүккөн формасы Эпикурдун окуусунда чагылдырылган. Гедонисттердин айтуусу б-ча изгилик, кайрымдуулук – бул ыракаттанууга жөндөмдүүлүк. Бирок билимдүү, көрөгөч-көсөм, асыл ойлуу акылман адам гана туура ыракаттана алат. Байыркы гедонисттер шайыр мүнөздүү адамдар м-н баарлашууну, же болбосо, нааразылык м-н кеселден тышкары болууну жогорку ыракат деп санашкан. Гельвеций, Ламетри гедонист болушкан.