ГЕЗИТ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕЗИТ (итал. gazzetta – майда тыйын) – мезгилдүү басма сөздүн учурдагы окуялар ж-дө маалыматтар жарыяланып туруучу тармагы. Г. саясий күрөштүн маанилүү куралы, массалык маалымдоо ишмердигинин негизги каражаттарынын бири болуп саналат. Ал басманын расмий органы же өкмөттүк бюллетень дегенди да билдирет. Г-тин келип чыгышы 16-к-га таандык. Ошол кезде Венеция ш-нда ар түрдүү кабарлар жазылган барактарды «gazzetta» деген майда тыйынга сатып алышкан. Ал шаарда «Газеттино» деген жерг. басылма чыккан. Бул басылма азыр да бар. «Г.» термини француз Теофраст Ренадо Парижде «Ла газетте» аттуу жумалык басылмасын чыгара баштаган мезгилден кийин кеӊири тараган. Бирок Г. 16-к-дан мурун эле башталган (1631) деген пикирлер да бар. Анын байыркы үлгүлөрүнө Рим императору Юлий Цезардын буйругу м-н б. з. ч. 1-к-да чыгарылган бюллетендер кирет. Ал бети гипс м-н жабылган такталардан даярдалган. Ага сенаттын токтомдорунун кыскача мазмуну, Римдеги күндөлүк окуялар ж. б. жазылып, алар коомдук жайларда илинип турган. Кийинчерээк папирус ж-а пергаментти колдоно башташкан. Байыркы Чыгыш Г-теринде да хандардын буйруктары, ордо жаӊылыктары, жарнама маалыматтары илинген. Г. чыгаруу кагаз ойлонуп табыл-

гандан кийин өнүккөн. Россиядагы алгачкы Г. Пётр Iнин жарлыгы м-н 1703-ж. 2-январда «Ведомости» деген ат м-н жарык көргөн. Кырг-нда кыргыз тилиндеги биринчи Г. 1924-ж. 7-ноябрда «Эркин-Тоо» аталышында араб ариби м-н Ташкент ш-нда жарыкка чыккан. Учурда респ-да 200дөн ашык Г. чыгат (мис., «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоо», «Вечерний Бишкек», «Слово Кыргызстана» ж. б.). Багыты, саясий көз карашы, мазмуну б-ча шарттуу түрдө: расмий ж-а эркин; ээлик кылуусуна жараша мамл. (өкмөттүк), партиялык, коомдук, менчик, биргелешкен; чыгуу мезгилине карата – күн сайын чыгуучу ж-а апталык; аймактык белгиси б-ча борб. (респ.), обл., шаардык, райондук, ведомстволук болуп бөлүнөт. Басма маалыматынын бул түрүн радиоуктуруу, телекөрсөтүү программаларынан айырмаланткан атрибуттук өзгөчөлүгү – анын жаӊылыктарды кагаз басылмасы түрүндө бергендиги. Г-те журналистикада кезигүүчү бардык жанрлар ж-а формалар кеӊири колдонулуп, өзгөчө тез таркатылуучу маалымат м-н публицистикага арбын орун берилет. Г-тин эмгек коллективи редактор башында турган редколлегиядан, бөлүмдүн редакторлорунан (бөлүм башчыларынан, түрдүү маселелерге кесиптеш адабий кызматкерлерден, репортёр, баяндамачы, очеркист, фельетончу, фотожурналист, корректор ж. б.) түзүлөт. Мындан тышкары, ири Г-тердин өлкөнүн ичинде ж-а чет мамлекеттерде иштей турган өз кабарчылары, о. эле штаттан тышкаркы кабарчылары да болушу мүмкүн. Г-тер тийиштүү (а. и. тез берилүүчү) кабарларды өзүнүн кызматкерлеринен, басма сөз маалымат агентчиликтеринен, о. эле телефон, телефакс, электрондук почта, интернет аркылуу алып турат.
Т. Ишемкулов.