ГЕКСАМЕТИЛЕНДИАМИН: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕКСАМЕТИЛЕНДИАМИ́Н, 1,6-д и а м и н о г е к с а н, NН2(СН2)6NH2 — түссүз кристалл түрүндөгү орг. бирикме. Мол. салмагы 116,2, эрүү t 42°С, кайноо t 204 – 205°С. Нымдуу абада түтөйт, көмүртектин кош оксидин өзүнө жакшы сиӊирет. Суу, спирт, эфир, бензол ж. б. орг. эриткичтерде жакшы эрийт. Г-дин амин тобу башка функциялык топторго оӊой алмашат. Орг. ж-а орг. эмес к-талар м-н туздарды пайда кылат. Эки негиздүү к-талар, альдегиддер ж-а кетондор м-н конденсация ж-а поликонденсация реакциясына кирет; орг. к-талар м-н кошуп ысытканда амиддер пайда болот. Ушул реакциянын негизинде андан баалуу полимерлер – полиамиддер алынат. Өндүрүштө адипин к-тасынын динитрилин басым алдында катализдик гидрлөөдөн алынат. Г. полиамид булаларын, полиуретандарды алууда кеӊири колдонулат. Териге, дем алуу жолдоруна, көздүн былжыр челине күчтүү таасир тийгизет.