ГЕКСАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕКСА́Н, н-г е к с а н, СН3(СН2)4СН3 – каныккан углеводород, түссүз суюктук. Мол. салмагы 86,18; эрүү t – 95°С; кайноо t 68,95°С. Сууда эрибейт, орг. эриткичтерде эрийт, орун алмашуу реакциясына кирет. Г. нефтиде, анын крекингдистилятында, түз буулантып айдалган бензинде кездешет. Синтездик бензиндин башкы бөлүгүн түзөт. Өнөр жайда гексенди гидрлөө, гексамагний галогендерин суу м-н ажыратуу, Вюрц реакциясы ж. б. жолдор м-н алынат. Бензол алууда колдонулуучу бензин фракциясынын курамында болот. 2,2-диметилбутан (неогексан) ж. б. изомерлери (диизопропил) мотор отунунун сапатын жакшыртуу үчүн колдонулат.