ГЕКТОГРАФ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕКТОГРА́Ф (гекто... ж-а ...граф) – кол жазма, текст ж-а сүрөттөрдү көбөйтүп чыгаруу үчүн колдонулуучу эӊ жөнөкөй аспап. Ал өзгөчө желатиндик (даам-жыты жок тунук желим) катмардын түп нускасынын боёгун кабыл алып, аны кайра кыстырылып турган кагаз барактарына түшүрүү касиетине негизделген. Г-тан түпнусканын 100гө чейинки көчүрмөсүн алууга болот. Г. 1869-ж. Россияда М. И. Алисов ойлоп тапкан. Бүгүнкү күндө Г. бир канча өндүрүмдүү ротатор, ротапринтер ж. б. м-н алмаштырылды.