ГЕЛИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕ́ЛИЙ (Helium), Не – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы хим. элемент. Катар н. 2, ат. м. 4,003, тыгыздыгы 0,178. 1895-ж. англ. химик У. Рамзай клевеит минералынан бөлүп алган. Жер кыртышында массасы б-ча 3.10–7%ти түзөт. Абада көлөмү б-ча 0,0005%, жаратылыш газында 10%ке чейин кезигет. Ал космосто кеӊири таралып, Күн, жылдыз атм-расында ж-а метеориттердин курамында жолугат. Жаратылыш Г-и эки туруктуу изотоптон (4Не, 3Не) турат. Кадимки шартта түссүз, жытсыз, бир атомдуу инерттүү газ, кайноо t 268,93°С. Кадимки басымда суюк Г. канчалык муздатса да катпайт. Жогорку басым алдында гана катууланат. Г-дин атому ядродон ж-а эки электрондон турат. Иондошуу потенциалы бардык башка элементтердикинен чоӊ. Өнөр жайда жаратылыш газдарын өтө муздатуу жолу м-н алынат; металл иштетүүдө, тамак-аш консервалоодо инерттүү чөйрө түзүү, өтө төмөнкү темп-ра алуу үчүн ж-а атомдук энергетикада, физ. лабор-да колдонулат.