ГЕЛЬМИНТТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕЛЬМИНТТЕР (гр. hеlmins, hеlminthos – курт) – адамда, жаныбарда ж-а өсүмдүктө гельминтоздорду козгоочу мите курттар. Г-дин 12 миӊден ашык түрү белгилүү. Аларга жалпак курттар, жумуру курттар же нематоддор, тикен курттар, муунак курттар кирет. Өөрчүү циклине жараша биогельминттер ж-а геогельминттер болуп бөлүнөт. Биогельминттер Г-дин жумурткасы ж-а личинкасы аралык ээсинин – киши же жаныбар ж-а акыркы ээсинин организминде жетилет. Г-дин личинкасынын инвазия стадиясы (адамдын организминде мителик кылганга чейин) ээсинин организминен сырткары, демейде топуракта өтөт. Кишиге Г-дин жумурткасы же личинкасы булганган тамак м-н жугат; кээ бир түрлөрүнүн личинкалары тери аркылуу (анкилостомиддердики) же курт-кумурска чакканда жугат. Г. суткасына миӊдеген ж-а он миӊдеген жумуртка же личинка таштайт. Алар бүт жер бетине тарап, адамдын ден соолугуна, жаныбарларга ж-а өсүмдүктөргө зыян келтирет. Г-ди ж-а алар козгогон гельминтоздорду гельминтология изилдейт.