ГЕМАТОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕМАТОЛО́ГИЯ (гр. hаima – кан ж-а ..логия) – медицинанын кан ж-а кан пайда кылуучу органдардын түзүлүшүн, функциясын, алардын ооруларын дарылоо ж-дөгү бөлүмү. Кан ооруларынын өөрчү механизмин ж-а себептерин изилдейт. Кан пайда кылуучу системанын ооруларын диагноздоо, дарылоо ж-а алдын алуу жолдорун иштеп чыгат. Ал 1661-ж. итал. анатом М. Мальпиги, 1673-ж. голл. биолог А. Левенгук жаныбар ж-а адамдын канынан кызыл кан денечелерин, ошол эле жылы англ. хирург У. Хьюсон ак кан денечелерин ачкандан кийин өзүнчө илим болуп бөлүнгөн. Г-нын өнүгүшүнүн натыйжасында лейкоз (ак кан оорусу), анемия (аз кандуулук), гемолиз ж. б. оорулар изилденип, аларды дарылоо методдору иш жүзүнө ашырылды. Медицинанын башка бөлүмдөрү – терапия, хирургия, онкология м-н тыгыз байланыштуу. Г-нын бир тармагы – иммуногематология кан топторун, резус факторун ж. б. изилдейт. Хирургия, гинекология, ички ж-а жугуштуу ооруларды диагноздоодо Г-лык изилдөөлөрдүн мааниси чоӊ. Кырг-нда Г. б-ча изилдөөлөрдү Г. ил. борбору жүргүзөт.