ГЕНЕРАЛДЫК СЕКРЕТАРЬ (КПСС БКнын): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕНЕРАЛДЫК СЕКРЕТА́РЬ (КПСС БКнын), 1922-ж. РКП (б) БКнын Пленуму тарабынан киргизилип, партиянын 11-съездинде БКнын Г. с-лыгына И. В. Сталин шайланган. КПСС БКнын Сентябрь (1953) пленумунан кийин КПСС БКнын биринчи секретарлыгы м-н алмаштырылган. КПССтин 23-съезди (1966-ж. март – апрель) кайрадан КПСС БКнын Г. с-лыгын калыбына келтирген. КПСС БКнын Г. с-лары: Л. И. Брежнев (1966–82), Ю. В. Андропов (1982–84), К. У. Черненко (1984–85), М. С. Горбачев (1985-ж. март – 1991-ж. август). СССРдеги 1991-жылдагы август кризисинен кийин РСФСРдин президенти Б. Н. Ельциндин Россиянын аймагында КПССтин ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу указынан кийин партиянын курамдык структурасы жоюлган.