ГЕНЕТИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕНЕ́ТИКА ''' (гр. gеnesis – чыккан теги) – организмдин ''тукум куугучтук'' ж-а ''өзгөргүчтүк'' закон ченемдүүлүктөрү, аны жөнгө салуу ыкмалары | '''ГЕНЕ́ТИКА ''' (гр. gеnesis – чыккан теги) – организмдин ''тукум куугучтук'' ж-а ''өзгөргүчтүк'' закон ченемдүүлүктөрү, аны жөнгө салуу ыкмалары жөнүндөгү илим. Генетика организмдердин адамга керек формаларын алуу же алардын жеке өөрчүшүн жөнгө салуу максатында тукум куугучтукту ж-а өзгөргүчтүктү башкаруу ыкмаларын иштеп чыгат. Тукум куугучтуктун закон ченемин алгач Г. ''Мендель'' 1865-жылы буурчак м-н тажрыйба жүргүзүп ачкан. Бирок анын тажрыйбаларынын мазмунун ж-а ал ачкан закондордун маанисин илим 1900-жылдан баштап гана баалады. ХIХ кылымдын аягы – ХХ кылымдын башында окумуштуулар тукум куугучтук, өзгөргүчтүк касиеттеринин тукумга берилиши ''митоз'' ж-а ''мейоз'' убагындагы хромосомалардын татаал аракеттери, жыныс клеткаларынын жетилиши ж-а уруктанышы м-н байланыштуу экендигин аныкташкан. Т. ''Морган'' 1911-жылы ''тукум куугучтуктун хромосомалык теориясын'' түзгөн. Ал теорияда организмдин касиети м-н белгилерин ''ген'' аныктарын далилдеген. Генетиканын өнүгүшүндө рентген нурларынын генди өзгөртүшү – мутагендик ыкмалардын ачылышы өзгөчө мааниге ээ болду. Генетиканын өнүгүшүндө орус илимпоздору А. С. Серебровский м-н Н. П. Дубинин ж. б. зор эмгек сиӊирген. Н. К. Кольцов тукум куугучтуктун молекулалык түзүлүшү ж-дө алгачкы пикир айткан (1927, 1935). Генетикада микроорганизмдер м-н вирустарды колдонуу, химиялык, математикалык ыкмаларды киргизүү молекулалык Генетиканын өсүшүнө алып келди. Изилдөөлөр тукум куугучтук ''дезоксирибонуклеин кислотасынын'' (ДНКнын) молекуласы м-н байланыштуу экендигин далилдеди. 1953-жылы амер илимпоздор Д. Уотсон м-н Ф. Крик изилдөөлөрдүн негизинде ДНК молекуласынын моделин түзгөн. Азыркы учурда ген ДНК молекулаларынын бөлүгү экендиги аныкталды. Ч. ''Дарвиндин'' эволюция теориясынын өрчүшүндө Генетиканын мааниси өтө зор. Эволюциялык Генетика эволюция кезиндеги тандоонун Генетикалык механизмин, жеке гендин, гендер системасынын функцияларын ж-а мутациялык процесстерин изилдеди. Генетиканын жетишкендиктери – селекциянын негизи. Н. И. ''Вавилов'' Генетикалык изилдөөлөрдүн натыйжасында тукум куугучтуктун гомологиялык катарлар законун ж-а эгилме өсүмдүктөрдүн теги ж-дө законду ачты. Ал эми алыскы түрлөрдү ''аргындаштыруу'' теориясына орус окумуштуулары Г. Д. Карпеченко м-н И. В. ''Мичурин'' негиз салышкан. Мал селекциясынын Генетикалык негизин түзүүгө М. Ф. Иванов, Б. Н. Васин ж. б. чоӊ үлүш кошту. Изилдөө объектилерине карата өсүмдүк, жаныбар, микроорагнизмдер Генетикасы, пайдаланган ыкмасына жараша биохимиялык, молекулалыку Генетика болуп айырмаланат. Генетиканын идеялары ж-а ыкмалары адам турмушунун бардык тармактарында колдонулуп, медицинада, айыл чарбасында, микробиологиялык өнөр жайдагы ар кандай проблемаларды чечүүдө мааниси зор. | ||
<br/>Ад.: ''Вавилов Н. И.'' Генетика и селекция. Избр. соч. М., 1966; ''Дубинин Н. П.'' Общая генетика. М., 1970. | |||
<br />Ад.: ''Вавилов Н. И.'' Генетика и селекция. Избр. соч. М., 1966; ''Дубинин Н. П.'' Общая генетика. М., 1970. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:02, 22 Август (Баш оона) 2024 -деги абалы
ГЕНЕ́ТИКА (гр. gеnesis – чыккан теги) – организмдин тукум куугучтук ж-а өзгөргүчтүк закон ченемдүүлүктөрү, аны жөнгө салуу ыкмалары жөнүндөгү илим. Генетика организмдердин адамга керек формаларын алуу же алардын жеке өөрчүшүн жөнгө салуу максатында тукум куугучтукту ж-а өзгөргүчтүктү башкаруу ыкмаларын иштеп чыгат. Тукум куугучтуктун закон ченемин алгач Г. Мендель 1865-жылы буурчак м-н тажрыйба жүргүзүп ачкан. Бирок анын тажрыйбаларынын мазмунун ж-а ал ачкан закондордун маанисин илим 1900-жылдан баштап гана баалады. ХIХ кылымдын аягы – ХХ кылымдын башында окумуштуулар тукум куугучтук, өзгөргүчтүк касиеттеринин тукумга берилиши митоз ж-а мейоз убагындагы хромосомалардын татаал аракеттери, жыныс клеткаларынын жетилиши ж-а уруктанышы м-н байланыштуу экендигин аныкташкан. Т. Морган 1911-жылы тукум куугучтуктун хромосомалык теориясын түзгөн. Ал теорияда организмдин касиети м-н белгилерин ген аныктарын далилдеген. Генетиканын өнүгүшүндө рентген нурларынын генди өзгөртүшү – мутагендик ыкмалардын ачылышы өзгөчө мааниге ээ болду. Генетиканын өнүгүшүндө орус илимпоздору А. С. Серебровский м-н Н. П. Дубинин ж. б. зор эмгек сиӊирген. Н. К. Кольцов тукум куугучтуктун молекулалык түзүлүшү ж-дө алгачкы пикир айткан (1927, 1935). Генетикада микроорганизмдер м-н вирустарды колдонуу, химиялык, математикалык ыкмаларды киргизүү молекулалык Генетиканын өсүшүнө алып келди. Изилдөөлөр тукум куугучтук дезоксирибонуклеин кислотасынын (ДНКнын) молекуласы м-н байланыштуу экендигин далилдеди. 1953-жылы амер илимпоздор Д. Уотсон м-н Ф. Крик изилдөөлөрдүн негизинде ДНК молекуласынын моделин түзгөн. Азыркы учурда ген ДНК молекулаларынын бөлүгү экендиги аныкталды. Ч. Дарвиндин эволюция теориясынын өрчүшүндө Генетиканын мааниси өтө зор. Эволюциялык Генетика эволюция кезиндеги тандоонун Генетикалык механизмин, жеке гендин, гендер системасынын функцияларын ж-а мутациялык процесстерин изилдеди. Генетиканын жетишкендиктери – селекциянын негизи. Н. И. Вавилов Генетикалык изилдөөлөрдүн натыйжасында тукум куугучтуктун гомологиялык катарлар законун ж-а эгилме өсүмдүктөрдүн теги ж-дө законду ачты. Ал эми алыскы түрлөрдү аргындаштыруу теориясына орус окумуштуулары Г. Д. Карпеченко м-н И. В. Мичурин негиз салышкан. Мал селекциясынын Генетикалык негизин түзүүгө М. Ф. Иванов, Б. Н. Васин ж. б. чоӊ үлүш кошту. Изилдөө объектилерине карата өсүмдүк, жаныбар, микроорагнизмдер Генетикасы, пайдаланган ыкмасына жараша биохимиялык, молекулалыку Генетика болуп айырмаланат. Генетиканын идеялары ж-а ыкмалары адам турмушунун бардык тармактарында колдонулуп, медицинада, айыл чарбасында, микробиологиялык өнөр жайдагы ар кандай проблемаларды чечүүдө мааниси зор.
Ад.: Вавилов Н. И. Генетика и селекция. Избр. соч. М., 1966; Дубинин Н. П. Общая генетика. М., 1970.