ГЕНЕТИКАЛЫК КОД: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕНЕТИКАЛЫК КОД – нуклеин к-таларынын молекулаларындагы тукум куума информацияны туюндуруучу нуклеотиддердин жайгашуу тизмеги. Нуклеин к-талары – дезоксирибонуклеин к-тасы (ДНК) м-н рибонуклеин к-тасында (РНК) нуклеотиддердин 5 тиби (ар бир нуклеин к-таларында төрттөн) болот. Булар бири биринен курамындагы азоттуу негиздер м-н айырмаланат. ДНКнын курамында аденин (А), гуанин (Г), цитозин (Ц), тимин (Т); ал эми РНКда тиминдин (Т) ордуна урацил (У) болот. Г. к-догу коддоочу нуклеотиддердин саны (4) м-н белоктогу амин к-талардын саны (20) дал келбегендиктен, коддун саны (б. а. 1 амин к-таны коддоочу нуклеотиддин саны) триплет (43=64) болот, б. а. бир амин к-тага 3 нуклеотид (кодон) туура келет. Гендеги нуклеотиддердин тизмеги төмөндөгүдөй ЦЦГ–АЦА–ГУА–УУА болсо, булар үчтөн болуп (триплет), ЦЦГ нуклеотиддери пролинди, АЦА треонинди ж. у. с. башка амин к-талар чечмеленет. Г. к. клеткада 2 этап м-н өтөт. Биринчиси ядродо өтүп, транскрипция, экинчиси цитоплазмада жүрүп, трансляция деп аталат.