ГЕНОТИП: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕНОТИ́П (ген... ж-а гр. tepos – калдык) – белгилүү бир организмдин бардык гендеринин жыйындысы. «Г.» терминин 1909-ж. даниялык генетик В. Иогансен киргизген. Азыркы генетикада Г. өз алдынча кызмат кылуучу гендердин жыйындысы гана эмес, ар кандай деӊгээлдеги (мис., бирдей же түрдүү гендин) аллелдеринин ортосундагы ген элементтеринин бүтүндөй системасы деп каралат. Г. хромосомасындагы организмдин түзүлүшүн, өсүшүн ж-а тиричилик аракетин, б. а. организмдин бардык белгилерин (фенотип) көзөмөлдөйт. Г. тукум куугучтуктун айрым бир белгисин эмес, чөйрөнүн шартына организмдин реакциясынын нормасын көрсөтөт. Белгилердин фенотиптик көрүнүшүнө чөйрө таасир тийгизет, мис., суук жерде багылган коён кара, ал эми мелүүн алкактагысы ак (мурду, кулагы, буту ж-а куйругу кара) түстө болот.