ГЕОБОТАНИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕОБОТА́НИКА ''' (''гео''... ж-а ''ботаника''), ф и т о ц е н о л о г и я – жер бетиндеги өсүмдүктөрдү, алардын жамаатташтык жыйындысын же фитоценозду изилдөөчү илим. Өсүмдүктөрдү флоралык изилдөөдө алардын түрүнө, закон ченемдүүлүгүнө көӊүл бөлүнөт. Мында өсүмдүк м-н чөйрөнүн (климат, топурак ж. б.) байланыштуулугун аныктабай туруп, фитоценоздун пайда болушун, түзүлүшүн, таралышын, өнүгүшүн билүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан | '''ГЕОБОТА́НИКА ''' (''гео''... ж-а ''ботаника''), ф и т о ц е н о л о г и я – жер бетиндеги өсүмдүктөрдү, алардын жамаатташтык жыйындысын же фитоценозду изилдөөчү илим. Өсүмдүктөрдү флоралык изилдөөдө алардын түрүнө, закон ченемдүүлүгүнө көӊүл бөлүнөт. Мында өсүмдүк м-н чөйрөнүн (климат, топурак ж. б.) байланыштуулугун аныктабай туруп, фитоценоздун пайда болушун, түзүлүшүн, таралышын, өнүгүшүн билүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан Геоботаника илими география ж-а өсүмдүк экологиясы м-н тыгыз байланышта өнүгөт. «Геоботаника» терминин немис ботаниги А. Гризебах 1866-жылы сунуш кылган. Геоботаника жалпы ж-а атайын болуп бөлүнөт. Ж а л п ы Геоботаника өсүмдүк жамаатташтыгынын закон ченемин изилдейт. Ал өсүмдүк топторунун түрдүк курамын, тик ж-а горизонталдык бөлүнүүдө түр арасындагы сандык катыштарын, өсүмдүктүн чөйрө м-н өз ара байланышын ж-а түрдүк популяциялардын жаш курагын, курамын, башкача айтканда Геоботаника фитоценоздорду класстарга ажыратуу принциптерин да иштеп чыгат. А т а й ы н Геоботаника өсүмдүк өскөн белгилүү бир аймакты, андагы фитоценоздордун ар түрдүүлүгүн, географиялык жактан жайгашышынын жалпы мүнөзүн изилдейт. Аянтты эсептөө ж-а аныктоодо, табигый өсүмдүктөрдүн азыктуулугун жакшыртууда Геоботаниканын мааниси чоӊ. Кыргызстанда Геоботаникалык изилдөөлөр КР УИАнын биология ж-а топурак таануу институтунда, ошондой эле ЖОЖдордун тиешелү кафедраларында жүргүзүлөт. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:06, 23 Август (Баш оона) 2024 -деги абалы
ГЕОБОТА́НИКА (гео... ж-а ботаника), ф и т о ц е н о л о г и я – жер бетиндеги өсүмдүктөрдү, алардын жамаатташтык жыйындысын же фитоценозду изилдөөчү илим. Өсүмдүктөрдү флоралык изилдөөдө алардын түрүнө, закон ченемдүүлүгүнө көӊүл бөлүнөт. Мында өсүмдүк м-н чөйрөнүн (климат, топурак ж. б.) байланыштуулугун аныктабай туруп, фитоценоздун пайда болушун, түзүлүшүн, таралышын, өнүгүшүн билүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан Геоботаника илими география ж-а өсүмдүк экологиясы м-н тыгыз байланышта өнүгөт. «Геоботаника» терминин немис ботаниги А. Гризебах 1866-жылы сунуш кылган. Геоботаника жалпы ж-а атайын болуп бөлүнөт. Ж а л п ы Геоботаника өсүмдүк жамаатташтыгынын закон ченемин изилдейт. Ал өсүмдүк топторунун түрдүк курамын, тик ж-а горизонталдык бөлүнүүдө түр арасындагы сандык катыштарын, өсүмдүктүн чөйрө м-н өз ара байланышын ж-а түрдүк популяциялардын жаш курагын, курамын, башкача айтканда Геоботаника фитоценоздорду класстарга ажыратуу принциптерин да иштеп чыгат. А т а й ы н Геоботаника өсүмдүк өскөн белгилүү бир аймакты, андагы фитоценоздордун ар түрдүүлүгүн, географиялык жактан жайгашышынын жалпы мүнөзүн изилдейт. Аянтты эсептөө ж-а аныктоодо, табигый өсүмдүктөрдүн азыктуулугун жакшыртууда Геоботаниканын мааниси чоӊ. Кыргызстанда Геоботаникалык изилдөөлөр КР УИАнын биология ж-а топурак таануу институтунда, ошондой эле ЖОЖдордун тиешелү кафедраларында жүргүзүлөт.