ГЕОГРАФИЯЛЫК КООМ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕОГРАФИЯЛЫК КООМ – географияга кызыккандардын ж-а адис географтардын өз ыктыярдуу уюму. Г. к. 60тан ашуун өлкөдө түзүлгөн. Эӊ алгачкылары: Париж (1821-ж. негизделген), Берлин (1828), Лондон Королдук (1830), Мексика (1833), Петербург (1845), Нью-Йорк (1852) Г. к-дору. Айрым өлкөлөрдө бир нече өз алдынча Г. к-дор бар; кесипке карата (адис географтар, ЖОЖдун окутуучулары, мугалимдер ж. б.) алар аймактык бирикмелерге ж-а ассоциацияларга бөлүнгөн. Анда белгилүү бир кесиптеги географтарды бириктирген ил. бөлүмдөр иштейт. Г. к-дордо комплекстик ил. Программаларды чечүү үчүн проблемаларды караштыруу к-ттери түзүлөт. Г. к. өзүнүн иш-аракети м-н география илиминин өнүгүшүнө ж-а кеӊири белгилүү болушуна өбөлгө түзөт. Г. к-дун жетекчилиги астында ж-а анын катышуусу м-н экспедициялар, конф-ялар уюштурулуп, журналдар, монографиялар, ил. эмгек жыйнактары, карта ж-а атластар басылып чыгат. 1871–1914-ж. Г. к. Эл аралык геогр. конгрессти чакыруунун демилгечиси болуп келген. Кийин бул ишти Эл аралык геогр. союз аткарган. Кырг-нда адегенде СССР геогр. коомунун (1947) филиалы иштеген, кийинчерээк Кыргыз географиялык коому болуп уюшулган. Коомдун жогорку органы съезд (4–5 жылда бир чакырылат).
А. Осмонов.