ГЕОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ (ГМС): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ (ГМС) ''' – | '''ГЕОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ (ГМС) ''' – географиялык маалыматты алуу, сактоо, кайра иштетүү, топтоо ж-а жайылтуу боюнча өз ара байланышкан каражаттар комплекси. Ал картографиялык, гидрометеорологиялык, статистикалык, дистанциялык зонд маалыматтарын, ошондой эле экологиялык мониторинг, экспедициялардын материалдарын ж. б-ларды бириктирип, камтыйт. ГМС – көптөгөн географиялык маалыматтардын узак убакыттагы эвололюциялык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы. Алардын көбү (өлкө таануу, маалымат наамалар, комплекстик ж-а тармактык атластар, реферат журналдар, предметтик ж-а региондук библиографиялык көрсөткүчтөр ж. б.) азыр да колдонулууда. Бүгүнкү күндө бат өзгөрүүгө дуушар болгон табигый ж-а социалдык-экономикалык процесстердин абалы жөнүндө маалыматты тез арада алуу зарылдыгы автоматташтырылган ГМСке өтүүгө мажбурлады. Керектүү маалыматты алуу визуалдык, аспаптык, контакттык же аралыктан байкоо ыкмалары, ошондой эле статистикалык отчёт системасы м-н жүзөгө ашат. Көп учурда ГМСке образдардын чечилишин аныктоо ж-а таануу боюнча автоматтык каражаттар киргизилет. Өзгөчө көӊүл ЭЭМдин эсине сактоо түзүлүштөрүн (компьютер, интернет түйүнү ж. б.) колдонуу аркылуу тармактык ж-а универсалдык географиялык маалыматты топтоо банкын түзүүгө бурулат. Алгачкы ГМС Канада, Швеция ж-а Финляндияда 1960–70-жылдары жер иштетүүнү ж-а токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн түзүлгөн. Азыркы учурда ГМСтин саны (дүйнө жүзү боюнча) миӊдеп саналууда. Белгилүүлөрү: ArcINFO, INTRGRAPH, MapINFO, Atlas GIS. WinGIS (АКШ), Geograph (Россия) ж. б. Аймактын бөлүнүшү боюнча глобалдык, улуттук, региондук, муниципалдык, локалдык ГМС болуп бөлүнөт. Ал эми тематикасы боюнча жер маалымат системасы (ЖМС), кадастрдык (КМС), экологиялык (ЭМС), автоматташтырылган картографиялык (АМС), билим алуучулук, деӊиз ж. б. ГМС анализдик, тематикалык карталардын жаӊы типтерин түзө алат. Алар башкаруу иштеринде чечимдерди кабыл алуу үчүн колдонулат. Мисалы, чөйрөнүн индустриялык булгануусун баалоо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу, аймактын системалык өнүгүү программасын түзүү, ишканаларга мониторинг жүргүзүү ж. б. ГМСте маалыматты кайра иштетүү ЭЭМдеги математикалык ж-а картографиялык ыкмаларды колдонгон географиялык моделдердин негизинде жүрөт. Маалымат сан, текст, график ж-а карта түрүндө берилет. | ||
<br/>Ад.: ''Берлент А. М.'' Геоинформационное картографирование. М., 1997; ''его же.'' Географическая информационная система. //Большая российская энциклопедия. Т. 6, М., 2006. | |||
<br/>''О. Топбаев.'' | <br />Ад.: ''Берлент А. М.'' Геоинформационное картографирование. М., 1997; ''его же.'' Географическая информационная система. //Большая российская энциклопедия. Т. 6, М., 2006. <br />''О. Топбаев.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:12, 10 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы
ГЕОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ (ГМС) – географиялык маалыматты алуу, сактоо, кайра иштетүү, топтоо ж-а жайылтуу боюнча өз ара байланышкан каражаттар комплекси. Ал картографиялык, гидрометеорологиялык, статистикалык, дистанциялык зонд маалыматтарын, ошондой эле экологиялык мониторинг, экспедициялардын материалдарын ж. б-ларды бириктирип, камтыйт. ГМС – көптөгөн географиялык маалыматтардын узак убакыттагы эвололюциялык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы. Алардын көбү (өлкө таануу, маалымат наамалар, комплекстик ж-а тармактык атластар, реферат журналдар, предметтик ж-а региондук библиографиялык көрсөткүчтөр ж. б.) азыр да колдонулууда. Бүгүнкү күндө бат өзгөрүүгө дуушар болгон табигый ж-а социалдык-экономикалык процесстердин абалы жөнүндө маалыматты тез арада алуу зарылдыгы автоматташтырылган ГМСке өтүүгө мажбурлады. Керектүү маалыматты алуу визуалдык, аспаптык, контакттык же аралыктан байкоо ыкмалары, ошондой эле статистикалык отчёт системасы м-н жүзөгө ашат. Көп учурда ГМСке образдардын чечилишин аныктоо ж-а таануу боюнча автоматтык каражаттар киргизилет. Өзгөчө көӊүл ЭЭМдин эсине сактоо түзүлүштөрүн (компьютер, интернет түйүнү ж. б.) колдонуу аркылуу тармактык ж-а универсалдык географиялык маалыматты топтоо банкын түзүүгө бурулат. Алгачкы ГМС Канада, Швеция ж-а Финляндияда 1960–70-жылдары жер иштетүүнү ж-а токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн түзүлгөн. Азыркы учурда ГМСтин саны (дүйнө жүзү боюнча) миӊдеп саналууда. Белгилүүлөрү: ArcINFO, INTRGRAPH, MapINFO, Atlas GIS. WinGIS (АКШ), Geograph (Россия) ж. б. Аймактын бөлүнүшү боюнча глобалдык, улуттук, региондук, муниципалдык, локалдык ГМС болуп бөлүнөт. Ал эми тематикасы боюнча жер маалымат системасы (ЖМС), кадастрдык (КМС), экологиялык (ЭМС), автоматташтырылган картографиялык (АМС), билим алуучулук, деӊиз ж. б. ГМС анализдик, тематикалык карталардын жаӊы типтерин түзө алат. Алар башкаруу иштеринде чечимдерди кабыл алуу үчүн колдонулат. Мисалы, чөйрөнүн индустриялык булгануусун баалоо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу, аймактын системалык өнүгүү программасын түзүү, ишканаларга мониторинг жүргүзүү ж. б. ГМСте маалыматты кайра иштетүү ЭЭМдеги математикалык ж-а картографиялык ыкмаларды колдонгон географиялык моделдердин негизинде жүрөт. Маалымат сан, текст, график ж-а карта түрүндө берилет.
Ад.: Берлент А. М. Геоинформационное картографирование. М., 1997; его же. Географическая информационная система. //Большая российская энциклопедия. Т. 6, М., 2006.
О. Топбаев.