ГЕОДЕЗИЯЛЫК АСПАПТАР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕОДЕЗИЯЛЫК АСПАПТАР , г е о д е з и я л ы к п р и б о р л о р – чекиттердин жер бетиндеги ордун аныктоодо, аралыкты, бурчту ж-а бийиктиктердин айырмасын ченөөдө же чекиттердин

координаталарын түзү жолу м-н алардын жер бетиндеги анык абалын аныктоодо пайдаланылуучу аспаптар. Г. а-га аралык өлчөгүч (өлчөө тасмасы, байыр аспаптары ж. б.), бурч өлчөгүч (буссоль, теодолит ж. б.), бийиктик өлчөгүч (нивелирлер), графикалык сүрөттөө жүргүзүчү аспаптар (мензула, кипрегель м-н), астр. ж-а маркшейдерлик аспаптар кирет. Аралык өлчөөдө уз. 20 же 50 м болот тасма, триангуляцияда ж-а полигонометрияда уз. 24, 48 ж-а 72 м келген инвар зымы же тасмасы бар асма байыр приборлору колдонулат. Жер бетинин бурчу экердин жардамы м-н түзүлөт. Теодолит-тахеометр – горизонталь ж-а тик бурчту аныктоочу аспап. Мамл. триангуляциялык тармактардын ж. б. таяныч чекиттердин геогр.

координаталарын аныктоочу аспаптар да (стационардык астр. аспаптар) Г. а-дын тобуна кирет. Чекиттин геогр. кеӊдигин, узундугун ж-а жер бетиндеги нерсенин азимутун аныктоочу универсал аспап – астр. пункттарды аныктоодогу негизги аспап. Жер бетинин ой-чуӊкур, түздүгүн (бийиктигин) аныктоо үчүн геод. Нивелир ж-а рейка колдонулат. Мензула ж-а кипергель графикалык жол м-н топографиялык сүрөттөө жүргүзүүдө пайдаланылат. План түзүү үчүн транспортир, координаталык торду түзүүчү Дробышев сызгычы, өлчөгүчтөр ж. б. жардамчы аспаптар колдонулат. Пландын аянты планиметр м-н өлчөнөт.
Ад.: Васютинский И. Ю., Рязанцев Г. Е., Ямбаев Х. К. Геодезические приборы при строительно-монтажных работах. М., 1982; Спиридонов А. И., Кулагин Ю. Н., Крюков Г. С. Справочник-каталог геодезических приборов. М., 1984.