ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК КООПТУУЛУК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК КООПТУУЛУК – кандайдыр бир геоморфологиялык объектиге байланыштуу пайда болгон коркунуч, апаат ж. б. кырсык. Ага рельефттин өзгөчө формалары ж-а элементтери, мис., салаӊдаган аскалар ж-а жарлар, этеги табигый же атайын кесилүүгө дуушарланган туруксуз капталдар ж. б. кирет. Айрыкча бүгүнкү тоо тек массаларын кайра оошуусуна алып келип, жер бетинин түзүлүшүн өзгөрүүгө дуушарланткан рельеф пайда кылуучу азыркы таасири зор процесстердин (көчкү, жеркөчкү, сел, карсттык ж-а сейсм-тектоникалык туӊгуюктар, шамал эрозиясы, аккумуляция ж. б.) натыйжасында адамдарга ж-а коомдун чарбалык иштерине зыян келтирген кризистик абал, кырсык же болбосо апаат жаралышы мүмкүн.
Д. Караева.