ВАЙНЕРТ: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
В́АЙНЕРТ Эрих (4. 8. 1890, Магдебург – 20. 4. 1953, Берлин) – немец жазуучусу, акын. Испаниядагы улуттук-рев-ялык күрөштүн (1936–39) катышуучусу, «Эркин Германия» улуттук к-тинин президенти (1943–45). Германиядагы Искусство академиясынын негиздөөчүсү. В-тин ырлары, аӊгемелери, пьесалары фашизмге каршы багытталып, демократ. мүнөзгө ээ. «Эрих Вайнерт сүйлөйт» (1930), «Рот-фронт» (1936), «Немец солдаттарына» (1942), «Анык душманга каршы» (1944), «Дүйнөлүк тарыхтын экинчи главасы» (1947), «Испания тууралуу китеп» (1951) аттуу саясий сатиралык чыгармалардын автору. Ал Т. Г. Шевченконун, М. Ю. Лермонтовдун, А. А. Блоктун, В. В. Маяковскийдин, А. Т. Твардовскийдин чыгармаларын немец тилине которгон. Анын ысмы Магдебург, Берлин, Котбус, Фюрстенвальд, Лейпциг, Потсдам, Лаудиц, Висмар ш-нын көчөлөрүнө коюлган.