ГЕОРГИНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕОРГИ́НА, д а л и я (Dahlia) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөптөр уруусу. Анын 15ке жакын жапайы түрү белгилүү. Г-нын сабагы көӊдөй, борпоӊ, бийикт. 35–200 см; жалбырагы канаттай же үчилтик канаттай, тамыры – түймөк, себетче топ гүлү жөнөкөй, тармал, чала тармал; формасы, чоӊдугу, түсү б-ча айырмаланат. Мексикада, Гватемалада, Түш. ж-а Борб. Америкада өсөт. Европада 18-к-дан эгиле баштаган. Эгилме Г-нын 8 миӊден ашык сорту бар. Г. калемчеси, уругу ж-а тамырынан өсүп чыгат. Күрдүү ж-а нымдуу топуракта жакшы өсөт. Өтө чоӊ гүл алыш үчүн 3 гана бутагы калтырылат, калган бутактары алынып ташталат. Кырг-нда кооздук үчүн гүлзар, парк ж. б. жерлерде өстүрүлөт.