ГЕОСАЯСАТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОСАЯСАТ ''' – (гр. ''гео...'' ж-а ''саясат'') – дүйнөлүк саясаттын теориялык ж-а практикалык маселелерин, өнүгүү тенденциялары м-н мыйзам ченемдүүлүктөрүн, о. эле анын эл аралык турмушта кандай милдеттерди аткара тургандыгын окутуп-үйрөткөн саясат илимдеринин багыты. Г-тын тарыхый жактан орношу географиялык мейкиндик факторлорун изилдөөлөргө, мамлекеттер аралык өз ара карым-катыш маселелери м-н коомдук турмуштагы факторлорго, о. эле ушул факторлордун чөлкөмдүк, регионду, континенттик ж-а глобалдык процесстерге тийгизген таасирин анализдөөгө байланыштуу. Г-тын алгачкы принциптери 19-к-дын аягында белгилүү германиялык географ Ф. Ратцелдин «Саясий география» деген эмгегинде сунушталган. Г-тын өнүгүшүнө кыйла таасирдүү салымды 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Р. Челлен, А. Т. Мэхэн, Х. Маккиндер ж. б. кошкон. Алардын оюу б-ча Г-тын максаты кандайдыр бир тигил же бул территорияга саясий же аскердик контроль орнотуу болгон. 1904-ж. Х. Маккиндер өзүнүн «Тарыхтын географиялык огу» деген докладында, ким Чыгыш Европаны контролдосо, ал « Хартленди» контролдойт, демек «Хартленди» ким контролдосо, ал «дүйнөлүк аралды» б. а. Европа, Азия ж-а Африканы контролдойт деген жыйынтык чыгарган. Анын Г. тууралуу тезиси германиялык Г. мектеби тарабынан андан ары өнүктүрүлүп, «өтө зарыл мейкиндик» идеясын ойлоп таап, мамл. ишмердиктин негизги идеологиясы «жашоого ыңгайлуу мейкиндикти» кеңейтүү керек деген жыйынтыкка токтолгон. 2-дүйн. согуш учурунда АКШ дүйнөлүк лидер болуу үчүн эл аралык саясатта жаңыча мамилелердин теориясын иштеп чыга баштаган. 2-дүйн. согуштун бүтүшү м-н Г. фашистик Германиянын идеологиясы м-н ассоцияция болуп, кийин ал «кансыз согуштун» күчөшүнө түрткү берген; эки союздук лагердин ортосунда конфронтация күчөп, саясий-согуштук блоктордун тирешүүсү башталган. Г-тын калыптануусу азыркы турмуштун түшүнүгүнөн алганда ал коомдук турмуштун маанилүү тармактарында интернационализация процесстерин күчөткөн информациялык-телекоммуникациялык революция м-н башталган. 1990-жылдардын 2-жарымынан тарта дүйнөлүк процесстердин өнүгүү динамикасындагы туруксуздук, дүйнөлүк коомчулуктун фрагментациясы, социалдык ж-а экон. процесстер күчөп, өз ара бири-бири м-н тыгыз байланыштагы ил. багыт ( мироведение ж-а глобалистика аталган) пайда болуп, анын изи м-н сапаттык жактан жаңы Г. пайда болду. «Г» түшүнүгү кээ бир адабияттарда дүйнөлүк саясатта ачык көрүнүп турган мамл. тышкы саясаттын аракеттери (аскер базаларын орнотуу, куралдуу кагылышууларга катышуу ж. б.) аталат.  
'''ГЕОСАЯСАТ ''' – (гр. ''гео...'' ж-а ''саясат'') – дүйнөлүк саясаттын теориялык ж-а практикалык маселелерин, өнүгүү тенденциялары м-н мыйзам ченемдүүлүктөрүн, ошондой эле анын эл аралык турмушта кандай милдеттерди аткара тургандыгын окутуп-үйрөткөн саясат илимдеринин багыты. Геосаясаттын тарыхый жактан орношу географиялык мейкиндик факторлорун изилдөөлөргө, мамлекеттер аралык өз ара карым-катыш маселелери м-н коомдук турмуштагы факторлорго, ошондой эле ушул факторлордун чөлкөмдүк, региондук, континенттик ж-а глобалдык процесстерге тийгизген таасирин анализдөөгө байланыштуу. Геосаясаттын алгачкы принциптери 19-кылымдын аягында белгилүү германиялык географ Ф. Ратцелдин «Саясий география» деген эмгегинде сунушталган. Геосаясаттын өнүгүшүнө кыйла таасирдүү салымды 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Р. Челлен, А. Т. Мэхэн, Х. Маккиндер ж. б. кошкон. Алардын ою боюнча Геосаясаттын максаты кандайдыр бир тигил же бул территорияга саясий же аскердик контроль орнотуу болгон. 1904-жылы Х. Маккиндер өзүнүн «Тарыхтын географиялык огу» деген докладында, ким Чыгыш Европаны контролдосо, ал «Хартленди» контролдойт, демек «Хартленди» ким контролдосо, ал «дүйнөлүк аралды» башкача айтканда Европа, Азия ж-а Африканы контролдойт деген жыйынтык чыгарган. Анын Геосаясат тууралуу тезиси германиялык Геосаясат мектеби тарабынан андан ары өнүктүрүлүп, «өтө зарыл мейкиндик» идеясын ойлоп таап, мамлекеттик ишмердиктин негизги идеологиясы «жашоого ыңгайлуу мейкиндикти» кеңейтүү керек деген жыйынтыкка токтолгон. 2-дүйнөлүк согуш учурунда АКШ дүйнөлүк лидер болуу үчүн эл аралык саясатта жаңыча мамилелердин теориясын иштеп чыга баштаган. 2-дүйнөлүк согуштун бүтүшү м-н Геосаясат фашистик Германиянын идеологиясы м-н ассоцияция болуп, кийин ал «кансыз согуштун» күчөшүнө түрткү берген; эки союздук лагердин ортосунда конфронтация күчөп, саясий-согуштук блоктордун тирешүүсү башталган. Геосаясаттын калыптануусу азыркы турмуштун түшүнүгүнөн алганда ал коомдук турмуштун маанилүү тармактарында интернационализация процесстерин күчөткөн информациялык-телекоммуникациялык революция м-н башталган. 1990-жылдардын 2-жарымынан тарта дүйнөлүк процесстердин өнүгүү динамикасындагы туруксуздук, дүйнөлүк коомчулуктун фрагментациясы, социалдык ж-а экономикалык процесстер күчөп, өз ара бири-бири м-н тыгыз байланыштагы илимий багыт ( мироведение ж-а глобалистика аталган) пайда болуп, анын изи м-н сапаттык жактан жаңы Геосаясат пайда болду. «Геосаясат» түшүнүгү кээ бир адабияттарда дүйнөлүк саясатта ачык көрүнүп турган мамлекеттик тышкы саясаттын аракеттери (аскер базаларын орнотуу, куралдуу кагылышууларга катышуу ж. б.) аталат. <br/>''Ж. Арзыкулов.''
<br/>''Ж. Арзыкулов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:22, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы

ГЕОСАЯСАТ – (гр. гео... ж-а саясат) – дүйнөлүк саясаттын теориялык ж-а практикалык маселелерин, өнүгүү тенденциялары м-н мыйзам ченемдүүлүктөрүн, ошондой эле анын эл аралык турмушта кандай милдеттерди аткара тургандыгын окутуп-үйрөткөн саясат илимдеринин багыты. Геосаясаттын тарыхый жактан орношу географиялык мейкиндик факторлорун изилдөөлөргө, мамлекеттер аралык өз ара карым-катыш маселелери м-н коомдук турмуштагы факторлорго, ошондой эле ушул факторлордун чөлкөмдүк, региондук, континенттик ж-а глобалдык процесстерге тийгизген таасирин анализдөөгө байланыштуу. Геосаясаттын алгачкы принциптери 19-кылымдын аягында белгилүү германиялык географ Ф. Ратцелдин «Саясий география» деген эмгегинде сунушталган. Геосаясаттын өнүгүшүнө кыйла таасирдүү салымды 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Р. Челлен, А. Т. Мэхэн, Х. Маккиндер ж. б. кошкон. Алардын ою боюнча Геосаясаттын максаты кандайдыр бир тигил же бул территорияга саясий же аскердик контроль орнотуу болгон. 1904-жылы Х. Маккиндер өзүнүн «Тарыхтын географиялык огу» деген докладында, ким Чыгыш Европаны контролдосо, ал «Хартленди» контролдойт, демек «Хартленди» ким контролдосо, ал «дүйнөлүк аралды» башкача айтканда Европа, Азия ж-а Африканы контролдойт деген жыйынтык чыгарган. Анын Геосаясат тууралуу тезиси германиялык Геосаясат мектеби тарабынан андан ары өнүктүрүлүп, «өтө зарыл мейкиндик» идеясын ойлоп таап, мамлекеттик ишмердиктин негизги идеологиясы «жашоого ыңгайлуу мейкиндикти» кеңейтүү керек деген жыйынтыкка токтолгон. 2-дүйнөлүк согуш учурунда АКШ дүйнөлүк лидер болуу үчүн эл аралык саясатта жаңыча мамилелердин теориясын иштеп чыга баштаган. 2-дүйнөлүк согуштун бүтүшү м-н Геосаясат фашистик Германиянын идеологиясы м-н ассоцияция болуп, кийин ал «кансыз согуштун» күчөшүнө түрткү берген; эки союздук лагердин ортосунда конфронтация күчөп, саясий-согуштук блоктордун тирешүүсү башталган. Геосаясаттын калыптануусу азыркы турмуштун түшүнүгүнөн алганда ал коомдук турмуштун маанилүү тармактарында интернационализация процесстерин күчөткөн информациялык-телекоммуникациялык революция м-н башталган. 1990-жылдардын 2-жарымынан тарта дүйнөлүк процесстердин өнүгүү динамикасындагы туруксуздук, дүйнөлүк коомчулуктун фрагментациясы, социалдык ж-а экономикалык процесстер күчөп, өз ара бири-бири м-н тыгыз байланыштагы илимий багыт ( мироведение ж-а глобалистика аталган) пайда болуп, анын изи м-н сапаттык жактан жаңы Геосаясат пайда болду. «Геосаясат» түшүнүгү кээ бир адабияттарда дүйнөлүк саясатта ачык көрүнүп турган мамлекеттик тышкы саясаттын аракеттери (аскер базаларын орнотуу, куралдуу кагылышууларга катышуу ж. б.) аталат.
Ж. Арзыкулов.