ГЕОСИСТЕМА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕОСИСТЕ́МА , г е о г р а ф и я л ы к с и с т е м а – геогр. кабыкта өз ара аракетте ж-а байланышта болгон компоненттердин биригүүсү. Терминди 1963-ж. В. Б. Сочава табигый аймактык комплекс (ЖАК) термининин синоними катары сунуштаган. Бирок, ЖАКтан айырмаланып, Г. түшүнүгүндө табигый компоненттеринин өз ара айкалыштарына эле эмес, алардын ортосундагы зат ж-а энергия алмашуу процесстеринин жүрүшүн талдоого басым жасалат, компоненттердин ортосундагы өз ара аракеттен алардын бири-биринен ажырагыс чырмалышы ж-а жаӊы касиети пайда болот, ошол касиетти изилдөө – Г. түшүнүгүндөгү башкы милдет. В. Б. Сочава Г-лардын үч деӊгээлин айырмалайт: биринчи планеталык деӊгээл – геогр. катмардан, экинчи аймактык деӊгээл – жер бетиндеги ири Г-лардан (өлкө, зона, район ж. б.), үчүнчүсү локалдык жерг. деӊгээл – чакан Г-лардан (фация, урочище ж. б.) турат.«Г.» термини кийинчерээк башка мааниде да колдонула баштады. Айрым окумуштуулар (А. А. Минц, В. С. Преображенский, Ю. Г. Саушкин) «Г.» терминин табигый эле эмес, табигый-социалдык-экон. биригүүлөргө, ал эми геологдор жер бетиндеги бардык эле объектилерге карата колдонууну сунуш кылган. Анткени «система» ар түрдүү нерселердин өз ара байланышынын натыйжасындагы биригүүсүн билдирсе, «гео» Жердеги бардык объектилерге тийиштүү экендигин көрсөтөт. «Г.» терминин жер бетиндеги ар түрдүү геогр. биригүүлөргө кеӊири түшүнүк катары колдонуу максатка ылайык. Андай Г-лардын мисалдары геогр. катмар, геогр. аймактар, ландшафттар, биогеоценоздор, табигый-чарбачылык системалар, аймактык рекреациялык системалар ж. б. Мындай учурда айрым түрдөгү объектилерди мүнөздөөдө терминге сын атоочтун мүчөсү жалганат: табийгаттык, табийгаттык-социалдык, табийгаттык-тех., чарбалык ж. б. Бирок бардык учурларда ал объектилерди мүнөздөөдө системалык көз караш – объектинин курамдык бөлүктөрүнүн өз ара байланыштарын анализдөө негизги ыкма болот.
Г-ларды анализдөөдө үч түрдүү модель колдонулат: моносистемалык, мында Г-нын бөлүктөрү табийгат компоненттери же чарба тармактары; полисистемалык, мында Г-нын элементтери андан төмөн деӊгээлдеги (аймагы б-ча) Г-лар; динамикалык, мында Г-нын мезгил ичиндеги ар түрдүү абалдары (кышындагы, жайындагы) каралат.
Ад.: Сочава В. Б. Введение в учение о геосистемах. М., 1979; Жекулин В. В. Введение в географию. М., 1989; Круть И. В. Введение в общие теории Земли. М., 1978; Физическая география материков и океанов. М., 1988; Мизун Ю. Г. Процессы в геосфере. М., 1988; Исаченко А. Р. Ландшафтоведение и физикогеографическое районирование. М., 1991.
Т. Кулматов.