ГЕПАТИТ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕПАТИ́Т (гр. hepаr – боор) – боордун түрдүү этиологиядан пайда болуп, катуу кармаган ж-а өнөкөт сезгенүү ооруларынын жалпы аты; боордун түрдүүчө дарылоону талап кылуучу сезгениши. Ал пайда кылган себебине жараша вирустук Г. биринчилик (вирустуу гепатит) ж-а экинчилик болуп айырмаланат. Анын катуу кармаган (вирустуу гепатит) ж-а өнөкөт түрү бар. Боор катуу сезгенгенде алгач адамдын тамак ичкиси келбей, эти ысып, алы кетип, муундары, оӊ кабыргаларынын асты салмактанып ооруйт. Кийинчерээк оорунун негизги белгиси – сарык пайда болот. Боордун өнөкөт оорусу көбүнчө катуу сезгенүү уларып, өнөкөткө айлануудан ж-а жугуштуу (бруцеллёз, кургак учук ж. б.), мите (эхинококк, описторхоз ж. б.) ооруларынан, уулануудан, кээ бир дарыларды туура эмес ичүүдөн пайда болот. Сезгенүү процесси көпкө созулганда, боор клеткалары өлүп, бириктиргич ткандар өсүп, циррозго алып келет. Боор ишинин бузулушуна жараша оорулуу адамдын боору, көк боору чоӊоёт, эти ысып, териси саргая баштайт. Г. жылдап созулат. Мындай оорулууну ооруканада дарылайт, каттоого алынат. Анын алдын алуу үчүн жугуштуу ооруларды туура дарылоо, уулануудан сактануу ж-а туура тамактануу чоӊ мааниге ээ.