ГЕРАСИМОВ Александр Михайлович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕРА́СИМОВ Александр Михайлович [31. 7(12.8). 1881, Тамбов обл., Козлов ш. (азыркы Мичуринск) – 23. 7. 1963, Москва] – живописчи, СССР эл сүрөтчүсү (1943), СССР Мамл. сыйл. лауреаты (1941, 1945). СССР Сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947), иск-во таануу илимд. доктору (1951). Москвадагы живопись ж-а арх-ра окуу жайында окуган (1903–15). 1947–57-ж. СССР Сүрөт академиясынын президенти. Негизинен пейзаждык сүрөттөрдү, кийин көбүнчө портрет тарткан. 1929–30-ж. «Ленин трибунада» деген чыгармасын жараткан. Негизги чыгармалары: «Үч ат чегилген араба. Кышкы жол» (Третьяков гал., 1912), «Жаандан кийин» (Третьяков гал., 1935), «И. В. Сталин жана К. Е. Ворошилов Кремлде» (1938, Третьяков гал.), О. В. Лепешинская (1939) м-н И. И. Фи-

А. М. Герасимов. Советтик карыя сүрөтчүлөр
И. Н. Павлов, В. Н. Башеев, В. К. Бялыницкий-Бирули,
В. Н. Мешковдун портрети. 1944. Третьяков галереясы (Москва).

сановичтин портреттери (Третьяков гал., 1942), «Мончо» (1940), «Октябрга арналган гимн» (1942) ж. б. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Осипов Д. М. А. Герасимов. М., 1981; А. Герасимов: Альбом. М., 1988.