ГЕРАСИМОВ Иннокентий Петрович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕРА́СИМОВ Иннокентий Петрович [9(22). 12. (1905, Кострома – 1985, Москва)] – географ, геоморфолог, топурак таануучу, СССР ИАнын академиги (1953; корр. мүчөсү 1946). Ленинград ун-тин бүтүргөн (1926). 1936–56-ж. В. В. Докучаев атн. Топурак таануу ин-тунун география ж-а топурак картографиясы бөлүмүн башкарган. МГУда проф. (1936–50). 1951-жылдан СССР ИАнын Геогр. ин-тунун директору. Казакстан, О. Азия, Батыш Сибирь, Урал, Ы. Чыгыш экспедицияларына катышкан. Батыш

Европа, Индия, Кытай, Япония, Сенегал, Тунис, Бразилия, АКШ, Жаӊы Зеландия, Чили, Уругвай, Мексика, Австралия, Шри-Ланка, Марокко, Гвинеяга саякат жасаган. Негизги эмгектери топурактын генезисине ж-а географиясына, физ. географияга, о. эле палеогеография м-н геоморфологияга арналган. СССРде биринчи чыккан «СССРдин аймагындагы муз доору» жыйнагынын автору (1939; К. К. Марков м-н бирге). Жердин рельефинин өзгөрүү ж-а классификациялоо проблемаларын, жаратылышты коргоо ж-а кайра өзгөртүү, табигый байлыктарды комплекстүү пайдалануу маселелерин иштеп чыккан. Географияда изилдөөлөрдүн жаӊы методдору пайдаланылуучу констр. багытты өнүктүргөн. Ысык-Көлдүн палеогеографиясын изилдеген. «Дүйнөнүн физикалык-географиялык атласынын» (1964) редколлегиясын жетектеген. Сов. географтардын улуттук к-тинин төрагасы (1957-жылдан), Жалпы союздук топурактаануучулар коомунун президенти (1963-жылдан), СССР мамл. сыйл. лауреаты (1973). Ленин, башка 3 орден ж-а бир нече медаль м-н сыйланган.
Эмг.: Ледниковый период на территории СССР. М.; Л., 1939 (совм. с К. К. Марковым); Основы почвоведения и географии почв. М., 1960 (совм. М. А. Глазовской); Генетические, географические и исторические проблемы современного почвоведения. М., 1976; Структура и динамика природы Земли. Избр. труды. М., 1993.
Ад.: И. П. Герасимов. 2-е изд. М., 1991; И. П. Герасимов: Географ, почвовед. М., 1995.