БУГУ (жаныбар): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУГУ (Сеrvus) – ача туяктуулар түркүмүнүн бугулар тукумундагы жаныбар. Буту узун, куйругу кыска, ача мүйүздүү; өркөчүнөн бийикт. 60–105 см. Б-нун 12–13 түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө анын 6 түрү (сыпайы бугу, чаар бугу, элик-багыш, багыш, элик ж-а түн. бугусу) кезигет. Түн. бугусу колго үйрөтүлүп, Таймыр ж. а., Якутия, Сибирь ж-а Ы. Чыгышта багылат. Топ-тобу м-н жашайт; түн. Б-нун негизги тоюту – эӊилчек (ягель). Мүйүзү жыл сайын түшүп, кайра чыгат. Чаар Б-нун (көбүнчө жашынын) мүйүзүнөн дары (пантокрин ж. б.) жасалат. Анын айрым түрүнүн эти, териси, мүйүзү мааниге ээ. Эркегинин тирүүлөй салм. 105–180 кг, маралыныкы 80–120 кг. Жапайы Б. Ысык-Көл, Нарын обл-нда бар. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган (к. Бугу чарбасы).