БУКАРА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУКАРА [ар. фукара – факир (бакыр, жарды, кедей) деген сөздүн көптүк санда айтылышы] – Октябрь рев-ясына чейин О. Азия ж-а Казакстан элдеринде бир нече мааниде колдонулуп келген сөз. Асыресе, кыргызда ал мындай түшүнүктөрдү туюндурган: 1) бир мамлекетке же уруулук бирикмеге, о. эле бийлик ээсине (бекке, болушка, бай-манапка, ханга, падышага) караштуу калктын, уруу-уруктун, адамдардын ж-а жеке кишинин жалпы жонунан аталышы. Бул маанидеги «Б.» орусча «подданный» дегенге кээде, «вассал» дегенге жакын турган; 2) патриархалдык-феодалдык кыргыз коомунда бир чоӊ уруунун арасына кошулуп, ошол урууга (уруу башчысына) саясий-экон. жактан багынычтуу абалдагы бөтөн уруктун же уруу бутагынын өкүлдөрүн да Б. деп айтышкан; 3) кара күчү м-н күн көргөн карапайым кишилерди, айрыкча кедей-кембагалдар м-н жарды-жалчыларды Б. же кара Б. деп аташкан. Бирок 19-к-дын 2-жарымы – 20-к-дын башында кыргыз коомунда патриархалдык-феодалдык мамилелердин ыдырашына, таптык жиктелүүнүн тереӊдешине байланыштуу «Б.» дегендин мааниси бир кыйла кеӊейип, өзүнчө социалдык ин-тту туюндурган терминге айлана баштаган. Ушул маанидеги Б. – социалдык катмар, б. а. материалдык байлыктарды өндүргөн, бирок саясий ж-а экон. жактан бай-манаптарга көз каранды абалда турган көпчүлүк эмгекчи эл. Демек, кыргыз элинин рев-яга чейинки коомдук аӊ-сезиминде «Б.» деген сөз аркылуу коомдо карапайым калктын өзүнчө социалдык катмар катары айырмаланышы белгиленген; 4) Октябрь рев-ясынан кийин «Б.» сөзү белгилүү даражада саясий маани алып, жалпы эле кедей-кембагалдарга карата айтылган (к. «Букара» союзу). Совет бийлигинин алгачкы жылдарында «Б.» деген пролетариат маанисинде да пайдаланылган. Азыр ал тарыхый сөз болуп калды.
Ад.: Кыргыз ССР тарыхы. 1-т., Ф., 1974; Джамгерчинов Б. Очерк политической истории Киргизии XIX века (вторая половина). Ф., 1966.