«БУКАРА» СОЮЗУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''«БУКАРА» СОЮЗУ ''' – Пишпек уездиндеги кыргыздардын кедей ж-а орто дыйкандарын бириктерген демокр. уюму. Имаш ''Көбөков'' м-н Бакретдин Саипбаевдин демилгеси б-ча 1917-ж. май айында түзүлгөн. «Б.» с-нун программасы элдин таламын коргоону, кыргыз элинин рев-ячыл аӊ-сезимин көтөрүүнү, демокр. негизде ж-а мыйзамдуулукка таянып, кыргыз коомчулугунун турмушун жөнгө салууну белгилеген. Союздун уюштуруу съезди 1917-ж. 9–10-сентябрда Пишпекте өтүп, анын башкармасынын төрагалыгына Казан ун-тинин юрид. ф-тинин студенти Кожомурат ''Сарыкулаков'', орун басарлыгына И. Көбөков, Б. Саипбаев ж-а А. Барменов шайланган. Союздун алдында кооперациялык керек-жарак коому түзүлүп, ага 7159 адам мүчө болуп кирген. 1918-ж. ноябрда анын мүчөлөрүнүн саны 5 миӊге жетип, Түркстандагы эӊ ири коом болгон. «Б.» с. большевиктердин жетекчилиги астында Кырг-ндын түндүгүндө Совет бийлигин орнотууда ж-а чыӊдоодо зор роль ойногон. Ал 1918-ж. май айында «Кыргыз пролетарларынын совети» болуп кайрадан түзүлгөн.
'''«БУКАРА» СОЮЗУ ''' – Пишпек уездиндеги кыргыздардын кедей жана орто дыйкандарын бириктерген демократиялык уюму. Имаш ''Көбөков'' менен Бакретдин Саипбаевдин демилгеси боюнча 1917-жылы май айында түзүлгөн. «Букара» союзунун программасы элдин таламын коргоону, кыргыз элинин революциячыл аӊ-сезимин көтөрүүнү, демократиялык негизде жана мыйзамдуулукка таянып, кыргыз коомчулугунун турмушун жөнгө салууну белгилеген. Союздун уюштуруу съезди 1917-жылы 9–10-сентябрда Пишпекте өтүп, анын башкармасынын төрагалыгына Казан университетинин юридикалык факультетинин студенти Кожомурат ''Сарыкулаков'', орун басарлыгына И. Көбөков, Б. Саипбаев жана А. Барменов шайланган. Союздун алдында кооперациялык керек-жарак коому түзүлүп, ага 7159 адам мүчө болуп кирген. 1918-жылы ноябрда анын мүчөлөрүнүн саны 5 миӊге жетип, Түркстандагы эӊ ири коом болгон. «Букара» союзу большевиктердин жетекчилиги астында Кыргызстандын түндүгүндө Совет бийлигин орнотууда жана чыӊдоодо зор роль ойногон. Ал 1918-жылы май айында «Кыргыз пролетарларынын совети» болуп кайрадан түзүлгөн.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:59, 3 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

«БУКАРА» СОЮЗУ – Пишпек уездиндеги кыргыздардын кедей жана орто дыйкандарын бириктерген демократиялык уюму. Имаш Көбөков менен Бакретдин Саипбаевдин демилгеси боюнча 1917-жылы май айында түзүлгөн. «Букара» союзунун программасы элдин таламын коргоону, кыргыз элинин революциячыл аӊ-сезимин көтөрүүнү, демократиялык негизде жана мыйзамдуулукка таянып, кыргыз коомчулугунун турмушун жөнгө салууну белгилеген. Союздун уюштуруу съезди 1917-жылы 9–10-сентябрда Пишпекте өтүп, анын башкармасынын төрагалыгына Казан университетинин юридикалык факультетинин студенти Кожомурат Сарыкулаков, орун басарлыгына И. Көбөков, Б. Саипбаев жана А. Барменов шайланган. Союздун алдында кооперациялык керек-жарак коому түзүлүп, ага 7159 адам мүчө болуп кирген. 1918-жылы ноябрда анын мүчөлөрүнүн саны 5 миӊге жетип, Түркстандагы эӊ ири коом болгон. «Букара» союзу большевиктердин жетекчилиги астында Кыргызстандын түндүгүндө Совет бийлигин орнотууда жана чыӊдоодо зор роль ойногон. Ал 1918-жылы май айында «Кыргыз пролетарларынын совети» болуп кайрадан түзүлгөн.