БУЛАК: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУЛАК , б а ш а т, к а й н а р – жер астынан өзү агып чыккан суу; жер астындагы суулардын жердин үстүнө же жер үстүндөгү суунун (агын суунун, саздын, көлмөнүн, көлдүн, деӊиздин) түбүнө концентрацияланып чыгышы. Б. ар кандай көрсөткүчтөрү ж-а касиеттери, о. эле ошонун ичинде пайда болушу, дебити, жер үстүнө чыгуу шарттары, туруктуулугу, хим. курамы, темп-расы б-ча бир топ түргө бөлүнөт. Мисалга, гидродинамикалык касиеттери б-ча «атырылып чыгуучу» ж-а «агып чыгуучу» болуп экиге бөлүнөт; хим. курамы б-ча тузсуз ж-а туздуу сууларга; темп-расы б-ча кайнаган, гипертермалдуу, термалдуу, субтермалдуу же жылуу, муздак, өтө муздак, муздуу, терс темп-радагы болуп бөлүнөт. Айрыкча тоо тектердин жаракаларынан ж-а карстардан чыккан Б-тын дебити жогору. Б. тоолуу аймактарда көп. Тузсуз; мал сугарылат, кээде сугат үчүн керектелет. Минералдуу ж-а арашан Б-тын дарылык касиети бар. Кырг-нда Б-тын дээрлик бардык түрү кездешет.
Ө. Бараталиев.