БУЛА-ОПТИКА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУЛА-О́ПТИКА – ийилгич көп тарамчалуу була тутамы аркылуу жарык ж-а толкун өткөрүлүшүн изилдөөчү оптика бөлүмү. Ал 1950-ж. пайда болгон. Б.-о-лык тетикте жарык сигналы жарык өткөргүчтүн бир учунун бетинен экинчи учундагы бетке сүрөттөлүш элементтеринин жыйындысы катары берилет. Ар бир сигнал өзүнүн жарык өткөргүч тарамчасы аркылуу өтөт. Булалуу тетикте демейде айнек була колдонулат, анын жарык өткөргүч талчасына (өзөкчөсүнө) сынуу көрсөткүчү азыраак болгон башка айнек кабыкча оролот. Ошондуктан өзөкчө м-н кабыкчанын бөлүнгөн бетине түшкөн нурлар толук ички чагылышка ээ ж-а жарык өткөргүч тарамча б-ча таралат. Мындай чагылыштар көп болсо да жарык негизинен айнектин массасында жутулат. Жарык өткөргүчтү өтө таза материалдан жасап, жарык сигналынын начарлашын бир нече дБ/кмге чейин азайтууга болот. Жарык өткөргүч талчалардын жоондугу бир нече мкмдан бир нече ммге чейин болот. Диаметри толкун узундугунан чоӊ жарык өткөргүч аркылуу жарык геом. оптиканын закондору б-ча тарайт. Б.-о-да сүрөттөлүштү берүү үчүн катуу көп талчалуу жарык өткөргүчтөр ж-а иреттелген булалуу өрүмчөлөр колдонулат. Сүрөттөлүштү берүү сапаты жарык таралуучу тарамчалардын жоондугу, жалпы саны ж-а жасалышы б-ча аныкталат.
А. Марипов.